Улуу жеңиштин 80 жылдыгынын урматына карата улуу ата-мекендик согуштагы ооруктун эмгекчилерине көңүл бурулду. Нарын районунун администрациясынын башчысы акимдин орун басары Жанболотова Эльвира Бегалиевна, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайбергенов Камчыбек Кадыркулович жана Дөбөлү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, Нарын районунун Дөбөлү айылында турган Улуу Ата Мекендик согуштагы ооруктун ардагери 99 жаштагы Акымбаев Асанбай атанын үйүнө барып ал-ахыбалын сурап кабар алып, улуу жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктап акчалай белегин тапшырышты
.
Солдон оңго экинчи Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайбергенов Камчыбек Кадыркулович, оңдон солго экинчи рай.адм. башчысы акимдин орун басары Жанболотова Эльвира Бегалиевна
Ооруктун ардагери Акымбаев Асанбай ата
Улуу Ата-Мекендик согушта Жеңиш менен аякташына тылда жана ооруктагылар олуттуу салым кошкондугу белигилүү. Согуш учурунда иш тандабай, кош айдап, буудай ооруп, фронтко азык-түлүктөн баштап, жылуу кийим-кече жөнөтүп турган ооруктун ардагерлеринин орду, ролу эбегейсиз.
И.Мөндүрбаева