Улуу Жеңиш майрамынын 80 жылдыгына карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында иш чара болуп өттү. Иш чарага Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Батырбек Кааров, Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы Абсатар Эшимбаев, Улуу Ата-Мекендик согуштун, афган согушунун ардагерлери, медицина кызматкерлер, мугалимдер, окуучулар жана айыл тургундары катышты. Жалпысынан 10 дон ашуун ардагер, 300дөн ашуун жарандар катышып, айыл өкмөт тарабынан куттукталды.
Согуш ардагерлери
Иш чаранын катышуучулары
Иш чара учурунда
Т. Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Батырбек Кааров:
«Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине терең таазим жана ыраазычылык билдирем!
Журтубуздун тынчтыгы, элибиздин эркиндиги үчүн баштарын сайып, мекенибизди коргоп берген эрдиктери эч качан унутулбайт. Ардагерлердин кайратмандыгы, чыдамкайлыгы жана мекенге болгон сүйүүсү – бүгүнкү жаш муун үчүн чоң үлгү болуп саналат.
9-Май – Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ден соолукта болуп, урмат-сыйда узак өмүр сүрүшсүн. Ардагерлердин өмүр жолу – биздин тарыхыбыздын даңктуу барагы. Ар дайым сыймыктанабыз!» — деп билдирди.
Иш чаранын катышуучулары
Гүл чамбар коюлуп жаткан учур
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева