Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн уюштуруусу менен 9-май — Улуу Жеңиш күнүнө карата 18 жаштан жогору кыз-келиндер арасында райондук деңгээлдеги волейбол оюну өткөрүлдү.
Иш-чарага Дөбөлү, Кеңеш, Эчки башы, Эмгекчил, Эмгек-Талаа жана Хутор айылдарынын командалары катышып, өз ара спорттук достукту жана ынтымакты көрсөтүштү.
Жеңүүчүлөр төмөнкүдөй болду:
🥇 1-орун — Кеңеш айылы
🥈 2-орун — Эмгек-Талаа айылы
🥈 2-орун — Дөбөлү айылы
Кенеш айылынын командасы
Эмгек -Талаа командасы
Дөбөлү командасы
Мелдешке катышкан калган бардык командаларга Дөбөлү айыл өкмөтүнүн атынан ыраазычылык грамоталары тапшырылды.
Ошондой эле жеңүүчүлөргө Кубоктор, медалдар, волейбол топтору жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, ар бир команданын мыкты оюнчуларына Ардак грамоталар ыйгарылды.
Бул саамалык айыл тургундарын биримдикке үндөп, спортко болгон кызыгуусун арттырган маанилүү иш-чара болду.
Эрбол Сагынов