Ак-Талаа району үчүн кыш мезгилине карата 19000тн ашык кара отун керектелет. Учурда «Турук» көмүр кенинде эки кампания казуу иштерин жүргүзүп, социалдык обьектилерге, мекеме-ишканаларга 32% көмүр тартылды.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким М.Камчыбеков быйыл көмүр отуну «Турук» көмүр кенинен гана тартыларын айтты. Мындай чечимди район жетекчиси жергиликтүү кампанияларды колдоо керектиги менен түшундүрдү. Мындан сырткары быйыл кара отундун баасы жергиликтүү калк үчүн былтыркыдан арзан болуусу үчүн аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Барчын Мамытбекова