Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына кар калың түшүп, ага байланыштуу 16-февраль күндөрү маршруттук каттам өз кыймылын токтотту.
Маршруттук каттамдардын токтошуна өтө калың жааган кар себеп болду. Кардын калыңдыгы 50-80 сантиметрге чейин жеткен.
“Бул кар элди түйшүккө салып, убарачылыктарды арттырды”- дейт айыл тургуну.
“Мындай калың кар 10жылдан ашык убакыттан бери болбогон. Буга байланыштуу көмүрдүн баасынын кымбаттоосу мүмкүн”- деди айыл тургуну.
Кар жолдорду тосуп салгандыгына байланыштуу атайын кар сүрүүчү техникалар жардамга келген. Кар Лейлек районунун башка айылдарына да жааган.
Даярдаган: Нурислам Жанибеков