Иш чаранын жүрүшүндө 2019-жылдагы аткарылган иш чаралар, аялдардын шайлоого катышуусу, 2020-жылдагы иш планын бекитүү жана кеңештин курамын бекитишти.

Тогуз-Торо райондук администрациясынын жыйындар залы
Жыйынга келген айыл аймактан аялдар кеңешинин мүчөлөрү, мекемелерде иштеген жетекчи айымдар, депутат айымдары жана Тогуз-Торо райондук администрациясынын биринчи орун басары Гүлжамал Султангазиева планга сунуштарын айтышып, ойлорун талкуулашты.

Жыйынтыгында Тогуз-Торо району боюнча аядар кеңешинин төрайымы Гүлжамал Шайнаева оюн төмөнкүдөй билдирип өттү:

«Келген катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, жайынкы арада Көк -Ирим айыл аймагы жана Атай айыл аймагында жергиликтүү кеңешке шайлоо болот. Ошол себептен 2 айыл аймактагы айымдарды депутат болууга, аракет кылып, ар кандай иш чараларды уюштуралы»-деп оюн айтты.
Эскерте кетсек, Тогуз-Торо району боюнча 5 Аялдар Кеңеши бар.