Ак-Талаа районунун Баетов айылында Афганистандагы жарандык согуштун аякталышынын 31 жылдыгына карата иш-чара уюштурулду. Алгач Афган согушунун ардагерлери жана алардын үй-бүлөлөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эстеликке гүл коюшуп, курман болгон куралдаштардын арбагына багыштап куран окушту.
Андан соң райондук администрациянын жыйындар залында салтанаттуу жыйын болуп, ардагерлерге ар кандай сыйлыктар тапшырылды.
Райондук аскер комиссары, майор Урматбек Икрамбаев берген маалыматына караганда Кыргызстандан 10 жылга созулган Афган согушуна жети миңден ашык жоокер катышып, анын 252 кайтпай калган. Ал эми Ак-Талаа району боюнча 51 жоокер интернационалдык милдетин аткарууга жөнөтүлгөн. Учурда 23 Афган согушунун ардагери бар. Эки жоокер көрсөткөн эрдиктери үчүн «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйланышкан.
Жерге-Тал айылынын тургуну Шералы Мурзабеков Афганистанга Армияга чакырылган учурда 18 гана жашта болгон.
Шералы Мурзабеков Афган согушунун ардагери
«Орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзедеги Ленин заводунда токарь болуп иштеп жаткам. Армияга 1978-жылы 1-май аскер комиссариатынан чакырылдым. Биринчи эле Отарга түштүк. Бир жылдан соң 1979-жылы декабрда Алматадан тревога менен Афганистанга алып кетти. Термез шаарына киргенде 170 км жалаң чөл менен жүрүп, тоого көтөрүлдүк. Көп эле шаарларында болдум. 66-мотоаткычтар бригадасында кызмат өтөдүм. 1980-жылы 27-сентябрда Асадабадда Тажикстан менен чектешкен жерден жарадар болдум. Кабулда бир ай госпиталда дарыланып, аскер бөлүккө кайтып келдим. Ушул эле жылы кеч күздө согуштан кайтып келдим» деген ардагер аскерден кийин колхоздо диспетчер, эсепчи болуп иштеп жүрүп, эс алууга чыккан.
Ал эми Жаныбек Жолдошов согуш учурунда сапер болгон.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова