
Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназияда Эл аралык китеп белекке берүү күнүнө карата «Бир адамдан бир китеп» акциясы болуп өттү.

«Гимназиябыздын китеп фондун заманбап китептер менен толуктоо боюнча окуу жылы башталгандан бери өнүгүүдөгү приоритеттүү багыттардын бири катары белгилеп, системалуу иш жүргүзүп келебиз. Буга мисал «Исманали Карабаев» атындагы китеп окуу каанасынын түзүлгөндүгү болду. Негизгилерине токтолсом, китеп окуу каанасы уюшулгандан бери Нурлан Аширалиев үй-бүлөсүнүн атынан дүйнө классикаларынан 200 даана, шаардык Кеңештин төрагасы Каныбек Исмаилов жаңы эле басмадан чыккан китептерден 5 даана, мурда бүтүрүп кеткен окуучуларыбыздан, ата-энелер комитетинин мүчөлөрүнөн 500 даана, жалпысынан китеп фондубуз 800 жакын жаңы китептер менен толукталды. Анын ичинен энциклопедиялар, справочниктер, Чыңгыз Айтматовдун он томдуктарынан болуп заманбап китептер топтолду»,- дейт гимназиянын директору Базаргүл Рустамова.

«Бүгүнкү иш чара өтө жемиштүү болду. Биз атын сыймыктануу менен алып жүргөн Исманали Карабаев «Манас», «Семетей» жана «Сейтектин» акыркы үлгүдө басмадан чыгарылган томдуктарынан белек кылды. Ата-энелер комитетинен көп китептер келди. Бизди кубандырган жери Сүлүктү Айиактык институтунан педагогика илимдеринин кандидаты Атыргүл Шерова, №8-мектептин эмгек жаматтарынан да китептер белекке келди»- дейт китепканачы Гүлсүнай Каракулова.

«Мен бүгүн, гимназиянын ыраазычылык катын алып, өтө толкунданып, сүйүнүп турамын. Анткени Сүлүктү шаары боюнча эң китепти көп сатып алып окуган гимназия эле. Өзүмчө бул окуу жайын урматтап жүрөт элем. Ошондуктан мен саткан китептердин арасынан бир эле Кыргыз энциклопедиясы гимназияда жок эле, ошону белек кылдым»- дейт китеп менен Лейлек районун жана Сүлүктү шаарын камсыз кылып иштеп келе жаткан Гүлзара Калысова.
«Мен өз каражатым менен шахта ачып баштаганда эле койгон максатым, көмүр кенин иштетүү менен элге социалдык жардам көрсөтүү болгон. Мына бүгүн ошол иаксаттарымдын бири ишке ашып, аз болсо да гимназиянын китеп фондун толуктоого салым коштум. Бул ишти ар дайым жүргүзө бермекчимин»- дейт, китеп окуу каанасына аты берилген, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер Исманали Карабаев.

Даярдаган: Бакытбек Сапаркулов