Бала кезде басчумун, бирок чуркай алчу эмесмин. Кийин оорум күчөп, такыр эле баспай, майыптардын арабасына отуруп калдым. Ата-энем болгон оорукана, табыптарга алып барды. Бирок жылыш болбой, тагдырга баш ийдим»,- дейт.
Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айылынын тургуну Кубатбек уулу Нурсултан көп убакыттан бери «миопатия Дюшена» оорусу менен жабыркап, учурда каражат жактан жардамга муктаж. Анын Польша мамлекетине барып, дарыланып келүүсүнө 10 миң евро каражаты керектелет. Айылдаштары жардам берүү максатында марафон уюштурушуп, анда 66 миң сом чогулса, жергиликтүү бюджеттен 20 миң сом берүү каралган. Ошондой эле, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жамааты 10 миң сом акчалай жардам берүүнү айтышса, айрым айыл тургундары майда жандыктарды дагы беришкен.
Үй-бүлөдө беш бир туугандын үчүнчүсү болгон Нурсултан оор тагдырына карабастан бош убактыларында ыр жазат. Демөөрчү таап, ыр жыйнагын чыгарсамбы деген максаты бар каарманыбыз кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын дайыма окуйт. Өзүнүн айтымында таятасы ыр жазчу. Азыр апасы да ыр жазат. «Майыптыгым боюнча 3600 сом жөлөк пул алам. Алты санын аман, жакын адамдарың жаныңда болсо-жашоодогу бакыт ошол экен» деген Нурсултан үйлөнүүгө жашы келгенин кошумчалады.
Эгерде Нурсултанга жардам бергиниз келсе, Элсом: 0705 946 348
РСК Банк: 000001816522
Даярдаган: Барчын Мамытбекова