«14-февраль Китеп белеке берүү күнү»- деп белгиленип, Кызыл-Кыя шаарындагы «Акыл кенч» китеп дүкөнүн жетекчиси Топчубаева Пазилаткан Араповнанын ишмердүүлүгү жөнүндө баарлашып келдик. Китеп сатып алуу жылдагыга караганда быйылкы жылы бир кыйла жогору болду. Окурмандардын китепке болгон кызыгуусу артып жаткан учуру.
«Акыл кенч» китеп дүкөнүнүн жетекчиси Топчубаева Пазилаткан Араповнанын айтуусуна караганда 2016-жылы китеп дүкөн ачкан башында китеп сатып алган адамдардын саны аз экендигин айтып, аябай кабатыр болгондугун айтат. Эмне үчүн жаштар, жаш ата-энелер китеп окубай калган.Өздөрү китеп окубай туруп кантип бала тарбиялайт деген ой мени аябай кыйнады. Элдерди китеп окууга кызыктыруу үчүн ар түрдүү иш чараларды уюштуруп, китеп окуу конкурстарын уюштурдум, демөөрчүлөрдү издөө менен алектендим. Бир канча долбоор жаздым. Бир адамдан бир китеп доолбору менен да иш алып бардым. Шаардагы бир канча мектептин жетекчилери менен ата-энелер менен жолугушуу уюштуруп берүүсүн сурандым. Ошентип жатып мына 3, 4 жыл ичинде эл арасындагы китеп окууга болгон кызыгууну кыйла жакшырта алдым десем болом. Китеп алууга шарты туура келбеген окурмандарга окуу залда уюштуруп койдум. Айрыкча студенттер китеп окуп керектүү маалыматтарын таап билимин өркүндөтүп кетишет. Азыркы учурда коомчулукта жүрүп жаткан китеп окуу конкурстары да элдин китеп окууга болгон кызыгуусун арттырып жатат. Ушул уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип кетким келет.
Китеп дүкөндөн ар дайым китеп окуп, сатып алып жүргөн студент Сабиева Сайкалдын да пикирин уктук. Бул дүкөндөрдөн айырмаланып, окуу үчун шарттар түзүлгөн ичи жылуу, тынч китептердин ар түрдүү багытагыларын табууга болот. Өзгөчө адамга мотивация берген китептердин түрүн ала аласың. Китеп белеке берүү күнүнө карата жакын досума китеп берүүнү ойлонуп китеп сатып алуу үчун келдим.
Даярдаган: Матраимова Айиса, Жалалова Таңнуру