Бүгүн Ак-Талаа районундагы орто мектептерде бүтүрүүчүлөрдүн акыркы коңгуроо салтанаты белгиленди. Ага окуучулар, ата-энелер, ардагер мугалимдер жана 10, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр катышты.
Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде дал ушундай салтанат өтүп, сыйлоо аземи менен коштолду. Тактап айтканда мыкты мугалимдерге, окууда жана коомдук иштерде активдүүлүк көрсөткөн окуучуларга, олимпиада жана мектеп лигасынын жеңүүчүлөрүнө, мектеп менен тыгыз байланышта иштеген ата-энелерге ыразычылык кат, грамоталар тапшырылды.
Күмүш Кумарбекова республикалык олимпиаданын катышуучусу
Даниэл Оболбеков-республикалык олимпиаданын катышуучусу
Мектептин ата-энелер комитети Кубан Бугубаевге (оңдо биринчи) ыразычылык кат тапшырылды
Курманбек Кенешчороев облустук олимпиаданын катышуучусу
Мыкты мектеп окуучуларына ардак грамоталар тапшырылды
Мыкты класс жетекчилер
Бүтүрүүчүлөр жана 1-класстын окуучулары
Салтанаттын жүрүшүндө акимдин орун басары Улан Жылтыров РБББнүн адиси Бакыт Чиркеев, ардагер мугалим Гүлү Султаналиева, ата-энелер комитетинин төрагасы Кубан Бугубаев бүтүрүүчүлөрдү салтанаты менен куттуктап, каалоо-тилектерин билдиришти. Ал эми бүтүрүүчү класстын окуучулары мугалимдерге, ата-энелерге ыразычылык айтышып, ыр белектерин тартуулашты.
КРнын Эмгек сиңирген мугалими Акин Токтосунова атындагы стипендиянын ээлери
Оболбеков Даниэлге Жүзбек уулу Айбектин атынан стипендия тапшырылууда
Ошондой эле үч мугалим, үч ата-эне жана 8 окуучуга КРнын эмгек сиңирген мугалими Акин Токтосунова атындагы жана Америкада жашап, эмгектенип жаткан Айбек Жүзбек уулунун атынан республикалык олимпиаданын катышуучусу Оболбеков Даниэл жана Кумарбекова Күмүшайга стипендия берилди.
Эскерте кетсек, Ак-Талаа району боюнча быйылкы окуу жылында 11-классты 480 окуучу аяктоодо.
Барчын Мамытбекова