25-май дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жоголгон балдардын эл аралык күнү катары белгиленет. Бул күндүн келип чыгуу тарыхы Америкадан башталат.
1979-жылы 25-майда Эвиан Пейтс аттуу алты жашар америкалык бала үйгө бараткан жолдо дайынсыз жоголгон. Дүйнө жүзү боюнча изделип, бул окуя чоң резонанс жараткан, бирок издөө оң жыйынтык берген эмес. 4 жылдан кийин президент Р. Рейган бул датаны жоголгон балдардын улуттук күнү деп жарыялап, 1984-жылы издөө боюнча борбор ачылган. Демилгени бир катар мамлекеттер колдоп, 1997-жылы жоголгон жана эксплуатацияланган балдарды коргоонун Эл аралык борбору уюшулган. 2010-жылы аталган борбор 25-май жоголгон балдардын Эл аралык күнүн негиздеген.
Жыл сайын дүйнө жүзүндө миңдеген балдар жоголот. (М.2020-жылы Европа өлкөлөрүндө 5768 бала жоголгон). Ал эми жоголгон балдарды издөө бир топ кыйынчылыктар менен коштолот дешет адистер. Анткени алар үйдөн кетишет да дарегин жашырышат же компьютердик клубдарда ойноп, досторунукунда жүрө беришет. Айрымдар бир жылда үйдөн бир нече жолу кетип, кайра келишет. Ошол себептүү ачык маалымат булактарында жоголгондордун так саны белгисиз. Ошондой эле айрым ата-энелер да балдары жоголгондон кийин бир нече убакыттан кийин гана тиешелүү органдарга билдиришет.
Учурда социалдык тармактарда “Бала жоголду” деп жардам сураган жарыялар байма-бай чыгууда. Балдар уурдоонун курмандыгы болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт, ошондуктан ата-энелер төмөнкүлөрдү эске алуусу зарыл:
Барчын Мамытбекова