Кочкор районуна караштуу Төлөк айылындагы негизги көчө деп саналган Исмаил уулу Акмат көчөсү толугу менен жарыктандырылды. Көчөгө коюлган жарыктардын саны 26 даана. Ал жалпысынан 1500 м жерге коюлду. Бул долбоор Сары-Булак айыл өкмөтү тарабынан ишке ашырылып Райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.
Жалпысынан көчөнү жарыктандырууга айыл тургундарынан 5 адам тартылган. Алар булар бул ишти 4 күндө бүтүрүштү. Долбоорду Сары-Булак айыл өкмөтүнүнө караштуу Төлөк айылынын айыл башчысы Алтынбек Асыранкуловдун демгилгеси, көзөмөлү менен ишке ашырылып толугу менен ишке кирген.
Айылга жарык берүү кечки 8ден таңкы 6га чейин берилип турат.
Айылга жарык берүү кечки 8ден таңкы 6га чейин жандырылып турмакчы.
Жасмин Мырзабекова