2024-жылы Чернобыль АЭСдеги жарылууга туура 38 жыл толду. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга Кыргызстандан үч миңден ашуун адам катышкан. Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Турсунбек Осмонов дагы дал ошол алааматтын каскагын жоюуда 6 ай кызмат өтөгөн. Айтымында ошол учурда Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келип, жол тейлөө мекемесинде эмгектенип жаткан. 1987-жылы 20-сентябрда аскердик комиссариаттан чакыруу келген.
Турсунбек Сыдыков Чернобыль АЭСтеги кырсыкты жоюуга катышкан
Чернобылга кызмат өтөөгө чакырылганда 36 жашта болгон
“Бизге алгач Чернобылга бара тургандыгыбыз тууралуу айтышкан жок. Жөн гана иштеп келесиңер дешти, ошентип Фрунзеге Ак-Талаадан 10 киши кеттик. Кой-Таштагы казармага алып барып, форма берди. Ошондо бизге Чернобылга бара турганыбызды айтышты. Укканда жаман болдук, ыйладык. Качкандар болду, аларды кайра кармап келип жатышты», — деп эскерет Турсунбек Сыдыков.
Кыргызстандын ар тарабынан чогулган 200 гө жакын адам казармадан эки күндөн кийин поездге отуруп жөнөп кетишкен. Улам бир станцияда токтоп, поезд которуп, бир ай дегенде Чернобылга жетишкен.
Чернобылда 6 ай кызмат өтөгөн
“Чоң төрт блок бар экен. Айланасы капкара, бак-дарактар күйүп кетиптир. Ошол жерде 15 күн иштеп, 15 күн эс алабыз. Машинада, турак үйлөрдө атайын белгилер коюлган жана бизге кичине төш белги тагышкан. Ошону карап турчубуз, ал ууланган, радиациясы күчтүү жерден дароо күйчү. Демек ал жерге барууга болбойт эле. Уулануунун таасириби, келгенден кийин сүйлөгөндө кекечтенип калдым” деген Турсунбек Осмонов ЧАЭСнин катышуучусу катары мамлекеттик медициналык мекемелерде дарылануу бекер экенин айтты.
Жаш курагы боюнча ай сайын 6300 сом пенсия алат. Мурда мамлекет тарабынан бир катар жеңилдиктер болсо, учурда анын ордуна ЧАЭСнин катышуучусу катары компенсация иретинде 7000 сом төлөнөт.
“Ал жердеги күндөр али да эсимде. Өлкөбүздө тынчтык, элибизде токчулук болсун” деген Турсунбек Осмонов жергиликтүү бийлик, райондук Ардагерлер Кеңеши тарабынан белгилүү күндөрдө ар кандай өлчөмдө акчалай, материалдык жардамдар берилип турарын кошумчалады.
Барчын Мамытбекова