Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан Байдалы Шаршенбаев атындагы №43-кесиптик лицейдин келечектеги жаш адистери, Талас аэропортунун ачылышында баалуу кесиптик иш тажрыйбасына ээ болушту. Талас аэропортунун ачылышында студенттер конокторду түрдүү тамак-аштар жана суусундуктар менен сыйлап, фуршеттик тейлөө боюнча чеберчиликтерин көрсөтүштү. Алар өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин ийгиликтүү көрсөтүп гана тим болбостон, бул форматтагы иш-чарада кесиптик көндүмдөргө ээ болушту.
Талас аэропортунун ачылышына №43-кесиптик лицейдин студенттери фуршеттик кызматын көрсөтүүгө чакырылган. Мындай мамлекеттик иш-чараларда, жогорку деңгээлдеги мекемелерде өткөрүлгөн фуршеттик тейлөө кызматында жаш адистерге конокторду тейлөө көндүмдөрүн үйрөтүү, №43-кесиптик лицейде окушкан келечектеги ашпозчу-официанттар үчүн чоң мааниге ээ. Анткени мындай көндүмдөр келечектин жаш адистерин кесипке үйрөтүүдө чоң өбөлгө болот. Ошондой эле бул жагдайда кесиптик лицейдин жана «Манас Менеджмент компаниясынын кызматташуусунун аркасында келечектеги жаш официант ашпозчуларга окуу процессинде тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүк болууда.
Бул боюнча Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев өз оюн төмөнкүчө билдирди:
«Талас аэропортунун ачылышына карата өткөрүлүүчү иш-чарага фуршеттик тейлөө кызматын көрсөтүүгө биздин студенттер чакырылды. Биздин жаштар бул иш-чарада фуршеттик кызматтарды гана көрсөтпөстөн, Талас аэропортунун ачылышына келген коноктордун алдында кесиптик лицейдин аброюн көтөрүштү. Буга чейин алар уюштуруу, пландаштыруу, баарлашуу жөндөмдөрүн, ошондой эле кардарларды тейлөө боюнча кесиптик компетенттүүлүгүн көрсөтүү боюнча атайын кружокко катышышкан. Ал кружокту былтыркы жылдан баштап, көп жылдык тажрыйбасы бар устат Назгүл Сакебаева окутуп келет. Ал мындай иш-чарада люкс жана ыңгайлуу атмосфераны түзүү үчүн ар бир майда-чүйдөсүнө чейин эске алынуусуна көңүл бурат»
«Мындай иш-аракеттердин аркасында, кесиптик лицейдин жаштары чыгармачыл ой жүгүртүп, эффективдүү, ишенимдүү жана иш-чараларды уюштурууда мыкты жөндөмгө ээ экенин көрсөтө алат. Биздин кесиптик лицейдин жаштары, дегеле кыргызстандагы кесиптик лицейлердин потенциалы көрсөтүлүп, тааныла турган дагы иш-чараларда кызмат кылууну чыдамсыздык менен күтүшөт. Алар үчүн мындай тапшырмаларды аткаруу сыймык. Мындай иш-чаралар жаштардын дараметин ачууга жана эмгек ишмердүүлүгүнүн түрдүү тармактарында суроо-талапка ээ болууга жардам берет», — деп өз оюн жыйынтыктады Бакыт Темиралиев.
«Манас» аэропортунун туунду компаниясынын бири болгон Манас Менеджмент компаниясынын жетекчиси Улан Барыктабасов менен №43-кесиптик лицейдин жетекчиси Бакыт Темиралиевдин кызматташуусунун алкагында меморандум түзүлгөн. Документке ылайык, лицейде ашпозчу кесибине үйрөтүүдө окуучулардын кесиптик билим сапатын жакшыртуу жөнүндө, фуршеттик тейлөө кызматтарына практикалык иштерге жардамдашуу жөнүндө, “ЖАК” Манас Менеджмент Кампаниясы” менен №43-кесиптик лицейдин ортосундагы макулдашуусу жана биргелешкен иш аракеттеринин мазмуну камтылган.
Турсун Омуралиева