Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинде «Жаш сүрөтчү 2024» кароо сынагы болуп өттү. Сынакты көркөм өнөр сабагынан берген Дарбишова Айлар өткөрдү. Сынакка 5-6-7-класстын окуучулары катышты.
«Жаш сүрөтчү кароо сынагын жыл сайын өткөрүп келем. Сынакты уюштурганымдын негизги максаты биздин мектепте жаш таланттар аябай көп, алардын чыгармачылыгын, талантын ачыкка чыгаруу максатында уюштурам. Бул сынак менин окуучуларыма аябай жагат, анткени тарткан сүрөттөрүн башка адамдар көрүп суктанып, мактаганда алар башкача сезимге ээ болушат. Сынакка 5-6-7-класстын окуучулары катышат, алардын ичинен да таланттууларын алганга аракет кылам», — деп ишенет Айлар Дарбишева.
«Бүгүнкү сынакка Нурел баламды колдоп келдим. Буйруса мындан да көптөгөн сынактарга катышат деген үмүттөмүн. Бүгүнкү сынакта баламдын жасаган иштерин, тарткан сүрөттөрүн көрүп аябай суктандым. Эжесине ыраазычылык билдиребиз, себеби баланын кызыгуусуна көңүл буруп, алдыга умтулууга жардам берип келет», — дейт баласын колдоп келген ата-эне Асылкан Кожоева.
Жумагүл Көчкөнбаева