Мамлекет үй-бүлөдөн куралат. Мамлекеттин күчтүү болуусу да мына ошол үй-бүлөдөн, анын ичиндеги тарбиядан көз каранды. Тарбия берүүдө үй-бүлө мүчөлөрүнө карата ар кандай гендердик өзгөчөлүктөр калыптанып, эркек деген күчтүү болот, ал үйдүн кожоюну же кыз деген назик болуусу керек, бирөөнүн келини болот деген сыяктуу бир катар таңуулоо менен тарбия берилип келет.
“Мени ата-энем ар кандай көнүмүш болуп калган адаттар менен эмес, эркин өстүрүштү. Мен үйлөрдү жыйнаштырып, сыртка чыгып малды тейлеп коюп, залга машыгууга кетчүмүн. Баскетбол, волейбол ойнойм, андан мурдараак эркин күрөш менен машыгып күрөшкө чыкчумун. Үйдөгүлөр кыз деген жоош, кылыктуу болот, машыгууларды ташта деп эч качан айтышкан эмес.”
Кылым Намазбекова азыркы тапта жогорку окуу жайда билим алат. Мектепти аяктагандан кийин дене тарбия академиясына тапшырайын деген ойлору болгон.
“Мен азыр туризм жагында окуп жатам. Бирок машыгууларымды таштаган жокмун. Мен келечекте балдарыма да мага ата-энем берген тарбияны берсем деп ойлойм. Кыз, эркек деп бөлбөй, жол көрсөтүп дегендей.”
Бирок тилекке каршы бүгүнкү күндө, тарбия берүүдө мындай көрүнүштөр азыраак кездешет. Төмөндө сиздерге коомчулуктан чогулган сурамжылоону сунуштайбыз.
“Ооба, мен деле балдарымды ошентип эле тарбиялагам. Кыз деген келечектеги эне, уяттуу болуш керек. А эркек бала, келечекте бир үй-бүлөнү бага турган адам, ал тайманбас, эр жүрөк болуусу керек.”
“Мен бул көз карашка кошулбайт элем. Эркекти кожоюн, ал күчтүү дешет. Бирок, бир үй-бүлөнү өзү жалгыз багып, же үйдө эркек жокто бардыгын өзү жасаган аялдарды деле көрүп жатабыз. Же тамакты катыра жасаган, тигүүчүлүктө мыкты эркектерди да билебиз.”
“Эркек адам баары бир күчтүү болот эмеспи, аялдар аярлуу, алсыз болот. Бул нерсе дагы ошол ата-эне берген тарбиядан улам калыптанган. Менин оюмча өзгөртүү кыйын.”
Баланы өнүктүрүү фонддору тыюу аркылуу баланы туура тарбиялоого мумкүн эмес дешсе, психологдор бала уккан нерсесин жасай албай калса, жан дүйнөсүндө конфликт башталат дейт. Гендердик сезимталдуулукту изилдөө системасы боюнча эксперт Гулмира Расулова калыптанып калган туура эмес тарбияга жол бербөө керектигин баса белгилейт.
“Анализ жүргүзүп көрсөңүздөр, келечеги жакшы болуп, бутуна бекем туруп кеткен, өзүнө ишенген адамдарга анализ жүргүзүп көрсөңүздөр. Булар ошол учурунда тарбиясы жакшы, эч кандай кемчилик, кыстоо болбостон тарбия көргөн. Ата-эне уул баланы, кыз баланы тарбиялоодо, үй милдеттерин бөлүштүрбөй, кесип тандоодо чек койбошу керек.”
Мындан тышкары, эксперт көйгөйдүн келип чыгыш себептерине токтолду:
“Чоң көйгөйдүн бири ата-эне менен балдардын ортосундагы баарлашуунун жоктугу. Бааралуушуну жоктугу ошол биз айтып жаткан калыптанган нерседен пайда болот. Баарлашуунун жоктугу бала менен ата-эне ортосунда кандайдыр бир чек коюуга алып келет. Демек, биз ата-эне катары өзүбүздүн эркек балабызга да, кыз балабызга да татыктуу тарбия беребиз десек, ошол калыптанып калган нерселерге өз үй-бүлөбүздө жол бербешибиз керек.”
Жогоруда айтылгандарды эске алып, балдарды басмырлоо, эркектерге жоопкерчилик артуу, кыздарды тыюунун аркасы, коомду гендердик теңсиздикке, өлкөдө ажырашууларга, эркектерди куру намысчылык өз жанын кыюуга алып келээрин билсек болот. Мунун бардыгын алдын алып жана токтотуу үчүн ар бирибиз салым кошолу.
Даярдаган: Зыйнат Самар кызы