Сумбуладагы Искра айылынын тургуну Азреткулов Пиримкулдун үй-бүлөсү пандемия убагында жаштардын демилгеси менен турак жайга ээ болду.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында 2-майдагы катуу жааган жамгырдын кесепетинен жүргөн селден бир топ айыл тургундары жабыркагандыгы маалым. Учурда жабыркаган жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Сумбула айыл Өкмөтүнүн аймагында жолбун иттерден жугуучу ооруларды алдын алуу максатында айыл кыштактардагы жолбун иттер атылды.
Сумбула айыл өкмөтүндө 2020-жылда өтүүчү калк жана турак жайды каттоо боюнча каттоочуларды окутуу жүрүп жатат.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына кар калың түшүп, ага байланыштуу 16-февраль күндөрү маршруттук каттам өз кыймылын токтотту.
Жайкы каникул учурунда Лейлек районунун окуучулары үчүн жайкы лагерь уюштурулду. Лагерге башталгыч класстагы окуучулар катышат, узактыгы 10 күнгө уланат.
Лейлек районуна караштуу Манас атындагы орто мектебинде 1-4-класстардагы окуучулардын жайкы лагери өтүлүүдө. Лагерь ЮСАИД уюумунун колдоосунун негизинде уюшулган.
Мындан аркы баяндоо каармандардын атынан жүргүзүлөт. Андарак айылы Баткен облусунун Лейлек районуна карайт. Бул жерде илгертеден бери биздин чоң аталарыбыз жашаган, биз дагы жашайбыз. Чек араларды бөлүү учурунда Андарак Кыргызстандын …
Лейлек районунун борбору Исфана шаарынын борбордук стадионунда кулатуу боюнча Эл аралык WFF PROFFIGHT турнири өттү. Турнирге Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандык спортчулар катышты.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндө кыргыз, тажик элдеринин ынтымагын бекемдөө максатында «Ынтымак- ийгиликтин ачкычы» аттуу маданий иш чара өтттү. Бул иш чара облустук деңгээлде өттү.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында айлана- чөйрөнү көрктөндүрүүнүн алкагында Лейлек райондук администрация тарабынан бекитилге иш- чаранын негизинде ар жуманын ишемби күнү, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен иш алып барат.
Лейлек районунун Сумбула айыл Өкмөтүнүн Мөл булак финансылык микро компаниясы тарабынан уюштурулган 2007-2008-жылкы жаш өспүрүмдөр арасындагы Республикалык футболдук турнир өтүүдө. Искра айылында түзүлгөн Сумбула Юнайтед футболдук командасы бүгүнкү күндө ийгиликтерге …
Сумбула айыл аймагында 8-март аялдардын эл аралык күнү белгиленди. Майрамдык иш- чараны Сумбула айыл өкмөтү, айылдык кеңеш биргеликте өткөрдү.
Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Манас атындагы орто мектебинде «Жылдын мыкты мугалими» аттуу зоналдык конкурс өткөрүлүп, жыйынтыгында Манас атындагы орто мектебинин мугалими жеңүүчү болду.
Лейлек районунун Исфана шаарында, Ак-Калпак күнү белгиленди. Иш чара Лейлек райондук администрациясынын колдоосунун негизинде ишке ашты.
Сумбулада Лейлек районунун акими жана райондук бардык мекеме уюумдардын жетекчилери менен жолугушуу өттү. Жолугушууда жергиликтүү тургундар өздөрүнүн көйгөйлөрү туурасында райондук мекеме уюумунун жетекчилерине түз байланышып, көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча суроо …
Сумбула айыл аймагында атайын мергенчилер тобу түзүлүп, карышкырларды жок кылуу иши колго алынды.
Сумбула айыл өкмөтүнүн айыл кыштактарында Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндөгү Кодекси жергиликтүү калкка түшүндүрүлүп, айыл кыштактарда жергиликтүү тургундар менен атайын жыйындар өткөрүлүүдө.
Сумбула айыл аймагындагы орто мектептер арасында волейбол оюну боюнча зоналдык мелдеш өткөрүлдү. Мелдеште 6 мектептин окуучулары ат салышып, аягында Манас атындагы орто мектебинин атынан чыккан команда жеңишке жетти.
Сумбула айыл Өкмөтүндөгү Көк-Таш айылынын Халбото Боронбаев атындагы орто мектебинин тамак берүүчү ашканасы заманбап жабдуулар менен камсыз болуп, толук кандуу ишке киргизилди.