Сумбула айыл өкмөтүндө 2020-жылда өтүүчү калк жана турак жайды каттоо боюнча каттоочуларды окутуу жүрүп жатат.
2020-жылкы калк жана турак жай каттоо кампаниясына айыл аймагынын айыл кыштактарынан 69 адам ишке тартылган.
Сумбула айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Абдураим Джураевдин айтуусунда:
«Бул иш чарага 69 адам тартылып 5 күндүк окуудан өтүшөт. Бул иш-чара 23-марттан 1-апрелге чейин жүргүзүлөт. Каттоочуларга мамлекет тарабынан эмгек акы төлөнөрүн», -билдирди.
Бул иш-чараны сапаттуу өткөрүү боюнча Лейлек райондук статистика бөлүмүнүн жана айыл өкмөтүнүн атайын окуудан өтүп келген кызматкерлери тарабынан каттоочуларды окутуп үйрөтүшүүдө.
Ар бир каттоочуга 7 миң сомдун тегерегинде акча каражаты төлөнүп берилмекчи.
Даярдаган: Нурислам Жанибеков