Учурда Суусамыр айыл аймагында эл жана турак-жай фондун каттоо иштеринин башталганына туура 5 күн болду. Бул убакта боюнча 33 каттоочу, 3 инструктор, 1 координатор иш алып барууда.
Ар бир катточуда бөлүнгөн аймагынын картасы бар. Суусамыр өрөөнү боюнча эл жана турак-жай фондун каттоочусу Нурзат Райымбекованын маалыматына караганда жарандар каттоого активдүү катышып жатышат.
Эл жана турак-жай фондун каттоочусу Нурзат Райымбекова.
“Учурда айыл калкын бөлүнгөн аймактар боюнча каттап жатабыз. Биз буга чейин 3 кундук окуудан өткөнбүз. Каттоо уюлдук телефондун жардамы менен электрондук түрдө жүргүзүлөт. Ар бир каттоочуга атайын каттоону жүргүзүү үчүн мегаком компаниясынын сим карталары берилген. Эгерде каттоочуларда кандайдыр бир суроолор болсо, алар инструкторлорго кайрылып жардам ала алышат.
Биз келишимдин негизде иштеп жатабыз, ошого жараша айлык акы төлөнөт. Мурдагы каттоого караганда азыр каттоо электрондук түрдө журүп жатат. Ар бир адам каттоосу бар же жок экендигине карабастан, убактылуу же туруктуу жашаган жеринде сурамжыланат.
Бардык алынган маалыматтардын купуялуулугу сакталат. Биз маалыматты координаторго жибергенден кийин ал жаран жөнүндө маалымат каттоочудан дароо өчүп, ал серверде текшерилет. Жарандарга алардын ден соолугу, иштеген иши, азыркы учурдагы абалы туурасында суроолор берилет. Ал эми турак-жайдын курулушу, бекемдиги, үйдөгү шарттын бар же жок экендиги туурасында суроолор бар. Ар бир үй-бүлө мүчөсү катталышы керек. Азыркы убакта кээ бир жарандар үйлөрүндө жок болуп калгандыгына байланыштуу бир жерге эки-үч жолудан барууга туура келип жатат.
Кээ бир жумуштагы жарандарга иш үстүндө барып каттап жатабыз. Бул каттоо өнөктүгү 2-майга чейин жүргүзүлөт. Жалпысынан жарандардан эч кандай документтер талап кылынбайт. Болгону биз берген суроолорго гана жооп бериши керек. Айыл элине айтаарым кайдыгер карабай каттоого жигердүү катышып бериңиздер демекчимин”,-дейт каттоочу.
Азиза Тамчиева