Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинде айлана-чөйрөнү жашылдандыруу боюнча бир катар иш-чара болуп өттү.
Бул тууралуу маалыматты аталган мектептин директору Руслан Абдылдаев билдирди:
«Бизге Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министрлигинин буйругу келген. Ал буйруктун негизинде бир адамдан бир көчөт отургузулуш керек болчу. Ошол буйруктун негизинде мектептин жалпы жамааты, окуучулар менен биргеликте бир катар иш алып бардык.
Маселен, биринчи класстар бир көчөт, экинчи класстар бир көчөт болуп, 11-класска чейин 11 көчөт, мектеп жамааты 4 көчөт, техникалык кызматкерлер бир соснанын көчөтүн сатып келишип, жалпы 16 көчөт сатып алып мектептин бак короосуна отургуздук. Сосналарды 2000 сомдон алып, баасы жалпы 32миң сом болду. Ал эми класстык сааттарда окуучуларга үйдөн ата-энелери менен көчөт отургузуу боюнча тапшырма берилип, фотоотчетторду жөнөтүп жатышат. Кайра ал көчөттү кантип отургузду, эмне максатта отургузганы, анан мааниси кандай экени тууралуу дил баяндарды жазып жатышат.
Андан тышкары, ушул эле акциянын негизинге ар ишемби сайын ишембиликтерди өткөрүп жатабыз. Мектептин айланасына кара бактын, теректин, талдын көчөттөрүн отургузуп баштадык. Бул саамалыктын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири чоң жана маанилүү.»
Асел Үркүнбаева