Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин абалы менен таанышты.
Окуучулар жана мектеп жамаат менен болгон жолугушууда министр билим берүү тармагындагы болуп жаткан реформалар тууралуу айтып, мектептеги көйгөйлөрдү укту. Анда ал ар бир класска кирип окуучулар менен пикир алышып, алардын билим алууда кандай пландары бар экенин, кандай кыйынчылыктар болуп жатканы тууралуу сүйлөшүп, алар окууда кандай багытта билим алуу керектигин айтып берди. Андан тышкары мугалимдер менен билим берүү тармагындагы реформалар тууралуу аңгемелешип, он эки жылдык окуу системасы тууралуу, айлык акынын көбөйүшү, кандай эсептелээри тууралуу сөз кылып, суроолорго жооп берди.
Эске салсак, министр Алмазбек Бейшеналиев Ат-Башыдагы болгон сапарында бир катар мектептерди кыдырган.
Асел Үркүнбаева