Кочкор районундагы Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинде салттуу музыка жумалыгы старт алды.
Кочкор районундагы балдар искусство мектебинин директору Бермет Абдрахманова:
«Бул салттуу музыка жумалыгы министирлик тарабынан уюштурулган, президенттин указы менен жыл сайын өткөрүлөт. Биз дагы Кочкор районунда ачылышын кылып алдык, негизи бизде 18 жылдан бери өтүп келе жатат. Эми жума ичинде салттуу музыка боюнча ар кандай өзүбүздүн мастер класстар өткөрүлүп турат.
Андан тышкары, Кочкор районунда өткөрүлгөн салттуу музыка жумалыгы Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинен даярдалып, салттуу музыканы алып жүрүүчү биздин заманыбыздын залкары, улуу комузчу, улуу устатыбыз, Зайнидин Иманалиев агайыбыздын 75 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди. Максаты салттуу музыка деген бул ар бир кыргыздын руханий дүйнөсү эмеспи. Ошондуктан өзүбүздүн салттуу аспаптарды, үйлөмө аспаптарды, комуз, кыл-кыяк жана башка кыргыздын канында келе жаткан музыкалык аспаптардын баарын бизден кийинки жаш муундарга жеткирүү.»
Бул өтүлүп жаткан салттуу музыка жумалыгынын максаты кыргыздын каада-салтын, үрп адатын кыргыздын жаш муунунун жүрөгүнө киргизүү, мурас катары өткөрүп берүү.
Төлөн Токтосунова, Медина Турдубекова