Кочкор районунда «Жылдын мыкты мугалими-2022» кароо- сынагынын райондук этабы 2022-жылдын 22-23-апрелинде Нинакан Жүндүбаева мектеп гимназиясынын имаратында өткөрүлдү. Кароо-сынакка райондун мыкты жаш мугалимдери катышты.

Кароо -сынактын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү
Мугалимдер арасындагы өткөн кароо- сынак Курткаев Таалайбек Исмаиловичтин жаркын элесине арналган жана сынактын жеңүүчүлөрүнүн белектерин «Таалайбек Курткаев» фондунан каржыланды.
Мугалимдер арасындагы сынак 2 тур менен өттү. Алгач сынак мектептердин ичинде өтүп, мыкты деп табылган мугалим райондук турга жолдомо алган.
Жобого ылайык конкурсанттар чыгармачыл сабактарды өткөрүшүп, тесттик жана чукул суроолорго жооп беришти, хоббиси жана өздөрүнүн педагогикалык ишмердүүлүгү менен тааныштырышты.

Сабактан үзүндү
25-апрель күнү Кочкор Драма театрынын чоң залында, салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземине Кочкор райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Курбанбек Камчиев «Таалайбек Курткаев» фондунун жетекчиси Майрам Байтерекова жана башка расмий өкүлдөр катышышты.

Сыйлоо аземи учуру
Кароо сынактын жыйынтыгында Кочкор айылынын Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин мугалими Айжан Кулова 1-орунду камсыз кылып Турция мамлекетине 10 күндүк жолдомого ээ болду. Бардык мугалимдер Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Мыктылардын мыктысы «Жыл мугалим 2022»- кароо-сынактын жеңүүчүсү Айжан Кулова
Рысбек кызы Керез, Мирланова Канайым, Максатбек кызы Азиза