Учурда Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү орто мектептерде 50гө жакын жаш мугалимдер эмгектенип, аларга усулдук жактан жардам берүү максатында райондо жаш мугалимдер кеңеши түзүлгөн. Кеңеш өзүнүн иш-мерчемине ылайык айына бир жолу ар кандай багыттагы окутууларды, маданий-спорттук иш-чаралар уюштурулуп жатат.

Кеңштин төрайымы Роза Жумалиева тренинг учурунда
Аталган жаш мугалимдер кеңешин Роза Жумалиева, Айпери Андашова жана Мөөркан Жумакадырова жетектеп, жаш мугалимдердин санарип технологияларды, сабак өтүүнүн жаңы заманбап ыкмаларын үйрөнүүсүнө көмөк көрсөтүшүүдө.

Роза Жумалиеванын айтымында азыр замандын талабына ылайык технологияларды колдонуп сабак өтүү маанилүү.

Жаш мугалимдер тренинг учурунда
«Мугалимдер дайыма изденип, аракеттенип, өзү да окуучу менен кошо окуп, үйрөнүшү керек. Биз жаш мугалимдердин мыкты педагог болуп калыптануусуна жардам берүү максатында окутууларды өтөбүз. Албетте ал үчүн өзүбүз дагы изденебиз. Ар бир окутууда келген мугалим өзүнө пайдалуу нерсе үйрөнүп кетүүсүно аракеттенебиз. Албетте, сергек жашоону калыптандыруу үчүн спорттук иш-чараларды да уюштурабыз»,- дейт.

Райондук билим берүү бөлүмү уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүүдө
Ал эми райондук билим берүү бөлүмү мугалимдерди камсыз кылууда, уюштуруу иштеринде көмөктөшүп, зарыл шарттарды түзүп берип жатканын кошумчалады.
Барчын Мамытбекова