Учурда окуучуларды сабактарга кызыктыруу абдан көйгөйлүү маселе болуп келүүдө. Замандын талабына ылайык мектеп окуучулардында смартфон, компьютер же планшет бар. Мугалим айтып бере турчу маалыматты алар интернет булактарынан окуп, көрө алышат. Бирок бир эле көрүп койгон билимди толук кандуу өздөштүрүүгө мүмкүн эмес. Окуучулардын билимге болгон кызыгуусунун төмөндүгү мамлекеттик билим берүү системасына да таасирин тийгизбей койбойт.
Ал эми мындай көйгөйлөрдү кантип чечсе болот?
Дүйнөлүк аренадагы билим берүү системасындагы өзгөчөлүктөр:
Ар бир үч жылда Pisa ( Эл Аралык Баалоо Программасы) дүйнө жүзүндөгү билим берүү программаларына байкоо жүргүзүп, баалап келишет. Алардын байкоосунда Түштүк Корея, Япония, Сингапур, Гонконг, Финляндия мамлекеттери билим берүү боюнча алдыда турушат. Бул мамлекеттердин билим берүү системасы башкаларга салыштырмалуу өзгөчөлүктөрү эмнеде?
1. Фин мектептеринде окуучулар экзамен тапшырышпайт жана бир нече предметтерди өзгөчө басым жасап окушпайт. Экзаменди окууну аяктап жатканда гана жыйнтыктоо максатында тапшырышат. Окуучуларга баардыгын үйрөтүү керек деп эсептешет. Мугалимдер сабактарды окуучулардын каалоосуна жараша уюштуруп турушат.
2. Гонконгдун билим берүү системасында сабактар кытай жана англис тилдеринде өтүлөт. Окуучулар мектепти аяктап жатканда эки тилде эркин сүйлөп чыгышат. Окуучулар жана ата-энелер билим алууда аябай катуу жоопкерчилик менен мамиле кылышат.
3. Японияда окуучулар 12 жыл билим алышат.
6 жыл башталгыч класстар,
3 жыл ортоңку класстар,
3 жыл жогорку класстар.
Балдарга ата-энелер да өзгөчө мамиле кылышат. 5 жашка чейин баланы Кудай катары көрүшөт ( до 5 лет Ребенок-Бог), 6 жаштан 12 жашка чейин балага кулдай мамиле кылышат (от 6 до 12 лет Ребенок-Раб). Бул аралыкта бала баардык жумушту кылганды жана эмгекти баалаганды үйрөнүшөт. Ал эми 12 жаштан жогору балага шериктеш катары мамиле жасай башташат ( от 12 лет Ребенок-Собеседник). Башкача айтканда, 12 жаштан баштап балдар чоң адамдардай ойлонуп, мамиле кылууга үйрөнүшөт.
4. Сингапурда да окуучулар мектепте 12 жыл билим алышат. Бирок буга карабастан 11-классты аяктагандан кийин айрым жогорку окуу жайлары абитуриенттерди кабыл ала башташат. Сингапурда жогорку окуу жайларга өтүү абдан кыйын болгондуктан, окуучулар атайын курстардан кошумча билим алууга аракет кылышат. Жогорку окуу жайлар абитуриенттерди атайын катуу талап менен сынактардан өткөрүп, тандап алышат. Бардык эле абитуриенттерге жогорку окуу жайлар эшигин ача бербейт. Ошондуктан мектептерде билим алууга аябай көңүл бурушат.
5. Түштүк Кореяда башталгыч мектепте (начальная школа) окуучулар 3 баскыч менен окушат. 1,2-баскычта башталгыч класстар жана 3-баскыч ортоңку класстар болуп бөлүнөт. Андан соң окуучулар жогорку мектепте (старшая школа) билим алышат. Жогорку мектепти милдеттүү түрдө окушпайт, каалоосу менен. Бирок 98% окуучулар жогорку мектепте 3 жыл билим алууга тапшырышат. Окуучуларга корей, англис тилдери жана так илимдер милдеттүү түрдө окутулат жана жыйынтыктоочу экзамен тапшырышат. Окуучулар экзамендерге катуу даярдыктарды көрүшөт.
Аталган мамлекеттерде көпчүлүгү окуучуларга билим алууга мыкты шарттардын тузүлгөндүгүн белгилесе да болот. Окуучулар санарип технологияларды көп пайдаланышып, сабактарды ар түрдүү форматтарда өтүшөөрү маалым.
Заманбап окуучулардын кызыкчылыктары эмнеде жана аларды сабактарда кантип өнүктүрүүгө болот?
Сурамжылоо Padlet программасында жүргүзүлдү
Окуучулардан атайын сурамжылоо жүргүзгөндө алардын көпчүлүгү бизнеске, смартфондорго, компьютерлерге көп кызыгышат экен. Алардын жазгандарында өзүлөрүнүн кызыкчылыктары сабактарда эске алынбай сабактардын өтүлүп жаткандыгы аларга кызыксыз.
Окуучуларга сабактардын кандай өтүүсү кызыктуу жана эффективдүү?
Сурамжылоонун жыйынтыгында окуучуларга сабактын кызыктуу болуусу анын көргөзмөлүгүндө. Теориялык билимдерди гана бере бербестен, аларга практикалык бөлүмдөрүн да тартуулоо керек.
Мисалга алсак, алардын айтымында табигый илимдерди окууда атайын эксперименттерди көрүп, байкоо жүргүзүү сабактын күтүлүүчү натыйжасын бере алат. Ал эми айрым предметтер боюнча экскурсия сабактарды уюштурууну да сунушташты. Окуучулардын көпчүлүгү замандын талабына ылайык компьютердик технологияларды да сабактарда пайдаланууну каалашат. Бирок мындай мүмкүнчүлүк баардык эле мектептерде боло бербегендиктен, телевизор, интерактивдүү такталар, смартфондор аркылуу иштешсе болот.
Заманбап окуучулардын ар биринде смартфондорду көрүүгө мүмкүн. Ал эми ошол смартфондорду сабактарда кантип пайдаланса болот?
Сабак учурунда окуучулар смартфондорду көп карашат. Мисалга алсак, убакытты карап, жашыруун вотсапка кирип, жооп жаза калышат, айрым учурларда сүрөттөргө да түшүп жетишишет. Ал эми жашыруун эмес, билим алуу багытында колдонууга тарбиялоо ар бир мугалимдин, ата-эненин жоопкерчилиги бар.
Сабак учурунда онлайн платформалар менен иштөөдө окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу да артат
Zipgrade — онлайн платформасы окуучуларды ЖРТ тестке даярдайт. Башкача айтканда, бул программа аркылуу мугалим тесттик иштерди аткартууга мүмкүнчүлүк түзүп берет жана тесттин бланктары ЖРТда бериле турган бланктай болуп, окуучуларды тегеректерди туура боегонго машыктырат. Тесттик иштерди да текшерүү абдан оңой. Мисалы, 30 окуучунун ишин 3 мүнөттүн ичинде текшерип коюуга мүмкүн.
Padlet — онлайн интерактивдүү тактасы окуучулардын сөз эркиндигин арттырат. Окуучулар мугалим жиберген ссылка аркылуу кирип, өз ойлорун сүрөт, жазуу, текст, ссылка түрүндө иштеп, билдире алышат.
Google service — бул платформа баардык телефон колдонуучулардын негизги куралы болуп саналат. Бирок мунун сырларын көпчүлүгү биле беришпейт. Адамдар google аакаунтту телефонун интернетте киргизүү максатында гана түшүзөт, бирок сервистерин толугу менен үйрөнүп алышса, жумушунда, билим алуусунда, жашоосунда зор пайдасын тийгизет. Мугалимдер окуучуларга интернет айдыңында маалымат менен иштегенге дал ушул сервистери аркылуу билим берсе болот. Сервистердин жардамы менен презентацияларды, документтерди, тесттерди, суроо-жооп анкеталарды ж.б. түзүүгө мүмкүн.
Multiurok — онлайн платформасы, мугалимдер үчүн эң пайдалуу сайттардын бири. Мында мугалимдер онлайн курстардан билим ала алышат. Окуучуларга кроссворддорду, тесттик иштерди, атайын тапшырмаларды түзө алышат.
Замандын талабына ылайык онлайн билим берүү күч алгандыктан онлайн интерактивдүү платформалардын саны да миллиондон ашат. Ар бир мугалим же окуучу өзүнүн ыңгайлуулугуна карап, интернет айдыңында керектүү платформаларын тандап алса болот. Мугалимдер күн сайын билим алып турушат эмеспи, андыктан замандын өнүгүүсү менен санарип мугалим болуу актуалдуугун жогорулатат.
Акылай Алмазбекова