2019-жылы негизделген Санарип Академиясы кыска убакыт ичинде мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келе жаткан билим берүү аянтчасы болуп калды. “Санарип академиясы” долбоору 2019-жылы информатика мугалими — Асылбек Мадалиев Алтымышович тарабынан негизделген. Бул долбоордун максаты – мугалимдерге санариптик билим берүү жабдууларын колдонуп, технологияларды окууларда натыйжалуу пайдаланууга үйрөтүү. Башкы максаты- мугалимдердин кадыр-баркын жогорулатуу болуп саналат.

Алгач уюштурулган конкурска 800 мугалим катышып, алдыңкы орундарды ээлеген мугалимдерге Алматы жана Ташкент шаарларына жолдомолор берилген.
Ошол жылдан бери онлайн жана оффлайн форматта курстар үзгүлтүксүз уюштурулуп келет. Ар бир группадан алдыңкы орундарды алган мугалимдерге Алматы, Ташкент, Анталия, Дубай жана Египет багыттарына акысыз жолдомолор берилип, ийгиликтүү барып келишкен. Мындан тышкары, Академия китеп окуу конкурстарын да жогорку деңгээлде уюштуруп, жеңүүчүлөрдү чет өлкөлүк сапарлар менен шыктандырып келет.
Быйылкы окуу жылында оффлайн курстар башталып, алгачкылардан болуп Токтогул районундагы №32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби базасында уюштурулду. Бул курсту Наби уулу Бекмамат агай келип, жогорку деңгээлде сабактарын өтүп берген. 2 (эки) күндүк курска жалпы 12 мугалим катышып, өз билимдерин өркүндөтүштү. Учурда оффлайн курстар республиканын ар бир районуна жайылтылып келет.
2026-жылдын январь айынан тарта “Санарип мугалим” Спорт лигасына старт берилип, Токтогул районунда зоналык жана райондук турлар ийгиликтүү жыйынтыкталды. Район боюнча 33 команда активдүү катышып, мугалимдердин спортко болгон кызыгуусу артты. Бул демилге билим менен спортту айкалыштырган мыкты долбоор болуп калды.

«Мен бул Академия тууралуу маалыматты 2019-жылы Facebook баракчасынан алып, ошол жылы 3 айлык онлайн курска катышкам. 7 дубандын мугалимдери “Академия 2-январь” группасында чогулуп, активдүү билим алып, тапшырмаларды аткарып, жаңы технологияларды өздөштүрдүк. Бир мектептен эки мугалим чогуу окудук — мен жана башталгыч классынын мугалими Аширова Жазгүл. Курстун 2-айында пандемия башталып, мектептер онлайн форматка өткөндө, биз алган билимдерибиздин чоң пайдасын көрдүк. Онлайн платформаларды, санариптик инструменттерди сабакта ишенимдүү колдонуп, бири-бирибизге колдоо көрсөттүк. Ошондой эле өздүк YouTube баракчабызга даярдаган сабактарыбызды жүктөп, тажрыйба бөлүштүк. 2021-жылы Санарип Академиясы менен биргеликте Ташкент шаарына, ал эми 2024-жылы Алматы шаарына барып эс алып, тажрыйба алмашып келдик» дейт Елиза Турусбаева.

Бүгүнкү күндө Елиза Турусбаева райондук координатор катары:
✔ Санарип мугалим курстарын Токтогул району боюнча жайылтып,
✔ Мугалимдерди шыктандырып,
✔ Райондук секциялык иштерде маалымат берип,
✔ Ар бир мугалимге колдоо көрсөтүп келет.
Санарип онлайн курстар, турлар жөнүндө маалымат билүү үчүн Санарип Академиясынын сайты бар, ар бир мугалим сайт аркылуу катталып, бул маалымат менен таанышып, өздөрү толук маалыматты ала алышат жана өздөрү сайт аркылуу онлайн форматта үйрөнө алышат. Ошондой эле баардык жаңылыктар менен кабардар болуп турат. Санарип мугалим курсун ийгиликтүү аяктаган мугалимдер 72 сааттык РИПКнын расмий сертификаты, «Санарип мугалим» бренд кол сааты жана «Санарип мугалим» төш белгисине ээ боло алат.
Даярдаган: Азема Кудуева