Лейлек районуна караштуу Манас атындагы орто мектебинде 1-4-класстардагы окуучулардын жайкы лагери өтүлүүдө. Лагерь ЮСАИД уюумунун колдоосунун негизинде уюшулган.
Бул тууралуу башталгыч класстын бирикме жетекчиси Динара Төлөнбаеванын айтуусунда Лейлек району боюнча 2015-жылдан бери ЮСАИД тарабынан уюштурулуп келе жатат.
Быйылкы окуу жылындагы жайкы лагерде “Келгиле, окуйбуз!” долбоордун негизинде өтүлүп жатат.
Окуучуларга Нургиза Баймуратова, Канаатова Кызжибек сабак өтүүдө.
Лагердин максаты окуучуларды сүрөт тартууга, сөз байлыктарын өстүрүүгө, шыктандыруу менен билимин көтөрүү.
Даярдаган: Маматкулов Бектур