Сумбуладагы Искра айылынын тургуну Азреткулов Пиримкулдун үй-бүлөсү пандемия убагында жаштардын демилгеси менен турак жайга ээ болду.
Муктаж үй-бүлөгө салынып берилген үй
Бул тууралуу Искра айылынын айыл башчысы Абдимомун Сулайманов төмөнкүлөрдү билдирди:
«Азреткулов Пиримкулдун үй-бүлөөсү көп балалуу. Оорукчан ата бир нече жылдан бери экономикалык оор шартта тышкы жана ички миграцияда балдарын багуу түйшүгү менен баш баанексиз ар кайсыл жерде жашап келген. Пандемия убагында жергиликтүү жаштар айыл четиндеги жерди жергиликтүү бийлик менен чогулуп, кеңешип, турмуш шарты оор Азреткулов Пиримкулга мыйзамдаштырып берип, там салууга марафон өткөрүп, турак жай салып бердик. Жергиликтүү жаштардан жана айыл өкмөттөн, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан жана коомдук уюмдардан колдоо көрсөтүлдү. Там салууга жалпы 550 миң сомдон ашык акча сарпталып, ашар жолу менен курулду».
Жыгачтан тирөөчтөр коюлуп курулду
Үй ашар жолу менен курулду
Бул үйдүн курулушуна 550 миң сом коротулду
Элибиздин башына оор күн түшүп турган убакта элдин кайрымдуулук касиети ойгонгону айыл башчыны кубантканын белгилеп өтүп, жардам колун сунган жарандарга ыраазычылыгын билдирди.
Абдураим Жураев