Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында 2-майдагы катуу жааган жамгырдын кесепетинен жүргөн селден бир топ айыл тургундары жабыркагандыгы маалым. Учурда жабыркаган жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Бул тууралуу сумбула айыл Өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адис Нурмамбет Жунусов төмөнкүлөрдү билдирди:
«Азыркы күндө жайыт комитетинин жана Лейлек райондук ДЭУ бөлүмүнүн техникаларынын жардамы астында сел баскан тамаркалар, жолдор тазаланды. Күйүүчү май техникага айыл Өкмөт жана Лейлек райондук МЧС тарабынан бөлүнүп берилди. Жана ошондой эле селден жабыркаган тургундарга мамлекет жана жеке ишкерлер, эл аралык уюмдар тарабынан гуманитардык жардамдар берилди».
Абдураим Джураев