Чүй облусунун Сокулук районунун Новое айылынын мамлекеттик программа менен чыгарылган таза сууда көйгөй болууда. Бүткүл дүйнөлүк банк каржылаган бул долбоор 2019 – жылы ишке ашырылган. Аталган айылдын тургундары таза суунун сапатына нааразы.
Новое айылындагы скважина
Бул туурасында айыл тургуну Маматалиева Үпөл билдирди: “Жашым 64тө, пенсиядамын. Бутум ооруйт, пенсиям бүт дарыга кетет. Бир айга таза сууга 1218 сом келиптир. Суу таза эмес, жамгыр болгондо чакага суу алып тундуруп ичебиз“.
Маматалиева Үпөл
“Бизге сууга 3549 сом эсептелип келиптир. Суунун сапаты өтө начар. Кошумча чыгым болуп , үйго фильтр койдурдум . Бул суу коюла электе айына 75 сом төлөчүбүз. Жети балам бар, 2 балам студент, пенсия албайм”, – деп билдирди Батаева Майрамкүл.
Таза суу чакада ушундай
“Короону арык менен сугарам, 5397 сом эсептелип келиптир. Айыл тургундарына бирдей эсептелбей, мончо жагып, мал сугаргандарга 100 сом эсептелип келип жатат”, – деп билдирди Акмат кызы Айчүрөк.
Акмат кызы Айчүрөк
«Биздин муниципалдык ишкана Кызыл – Туу айыл өкмөтүнүн астында түзүлгөн. Ишкана чарбалык эсепте иштейт, демек өзүн – өзү каржылайт. Мамлекеттик таза суу программасын аталган айыл өкмөттөн калкка кызмат көрсөтүү боюнча ишкана өткөзүп алганбыз. Азыркы убакта таза суунун баасы бир куб метри үчүн 21 сом, бул баа Кыргыз Республикалык монополияга каршы жөнгө салуу, Мамлекеттик агенттиги тарабынан бекитилген. Бул долбоор АРИС аркылуу ишке ашырылган. Скважинага табигый жер фильтр коюлган жана ушул программа менен чыгарылган таза суудан, 1020 кожолук суу менен камсыз болгон. Куруп берген мекеменин бир жылга кепилдик мөөнөтү бар, бузулуп калса келип ондоо иштерин жүргүзүп беришет. Таза суунун сапатына эл нааразы болуп жатышат, аба ырайы бузулуп, жамгыр жаап жатканына байланыштуу. Кийинчирээк сапаты онолот» – деп билдирди «Кызыл – Туу» мунипицалдык ишкананын жетекчиси Уланбек Абдылдаев.
Бүткүл дүйнөлүк банктын “Айылды таза суу менен камсыз кылуу“ долбоорунун негизинде ишке ашырылып, 25 млн сом сарпталган.
Чүй облусунун Аламүдүн районунда таза суу маселеси жеке ишкердин демилгеси менен чечилген.
Айсулуу Нурматова