Сумбула айыл Өкмөтүнүн аймагында жолбун иттерден жугуучу ооруларды алдын алуу максатында айыл кыштактардагы жолбун иттер атылды.
Бул тууралуу Сумбула айыл Өкмөтүнүн ветеринардын инспектору Өлмаз Мухиддинов төмөнкүлөрдү айтты: «Аймактагы жолбун иттерди, ч карышкырларды атуу боюнча Айыл Өкмөтү жыл сайын жергиликтүү бюджеттен акча каражатын жетишерлик бөлүп берет. Бүгүнкү күнгө аймактагы 85 жолбун иттер Лейлек райондук аңчылык бөлүмүнүн кызматкерлеринин жардамы менен жүзөгө ашып жатат. Жолбун иттерди атуу менен биз кутурма оорусуна жана ар кандай паразитардык оорулардын жайылуусун алдын алабыз»,- деп билдирди.
Абдураим Жураев