Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жолбун иттер тургундардын короодогу майда жандыктарына кол салууда. Мындай 3-4 учур катталган. Маалыматтарга караганда жолбун иттер койдун же козунун куйругун жана жамбашын жара тартып жеп кетип жатышат.

Жолбун иттер ичин жара тартып кеткен
Айыл тургуну Назира Каниеванын короодогу байланып турган коюн түндөсү ит жеп кеткен.

Назира Каниева -Баетов айылынын тургуну
Анын айтымында кой огородунда аркандалуу болгон. “Кечинде жакшынакай эле оттоп жүргөн. Эртен менен туруп карсак эле жамбаын, куйругун жеп кетиптир. Экинчи тараьын оодарып карасам ичеги чубалып жерде жатат. Бүт жеп кетиптир. Муну эми иттер эле жеди да” дейт.
Ал эми Баетов айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси Темирбек Сатыналиев бул жагдай тууралуу маалыматы бар экенин билдирди.

Темирбек Сатыналиев- Баетов айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси
“Ооба учурда ушундай маселе жаралып жатат. Бизде ит багып жатабыз деп керели-кечке ачка байлап коюшат. Итти дагы убагында тамак берип багыш керек да. Ачка байланып турган итти кечинде агытып жиберишет. Анан ал короодогу алы жеткен малды жара тартып жеп кетип жатат. Азыр ысыкта ит атканга дагы болбойт. Мергенчилерге дагы жогору жактын уруксаты керек» дейт.
Бирок жакынкы арада уруксат алып, көчөдөгү жолбун иттерди атылат. Буга Баетов айыл өкмөтү ок-дары менен камсыз кыларын кошумчалады.
Мээрим Тентиева