Бүгүн Кочкор айылынын айыл өкмөттунө Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азиядагы жетекчиси доктор Макс Георг Майер жана 15 өлкөдөн аталган фондун стипендиттары айыл башчысы Мирлан Исраилов менен жолугушу өткөрүштү, анда айылдын муниципалитетинин структурасы, милдеттери жана айыл өкмөттунө коюлган талаптарды талкулашты.

Ханнс Зайдель Фондунун стипендиаттары
Ханнс Зайдель Фонду Кыргызстанда 2002-жылдан бери иштеп келүүдө.Фонд өз ишмердүүлүгүндө мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу,жарандык коом жана парламентаризм боюнча стипендиялык программаларды берүүгө басым жасап келүүдө.20 жылдын ичинде 2264 бүтүрүүчүлөргө магистр даражасын алууга мүнкүнчүлүк түзүп берди.

Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азиядагы жетекчиси доктор Макс Георг Майер
2022-жылдын 26-июнунан тартып 3-июлуна чейин фондун Кыргызстанда ишмердүүлүгүнүн 20 жылдык мааракесине карата:Германия,Греция,Армения,Казакстан,Италия,Туркия,Азербайжан,
Украина,Тунис,Филиппин,Ливия,Россия,Иран,Колумбиядан жалпысы 15 өлкөдөн Ханнс Зайдель Фондунун степиндиаттары Кыргызстанга тажрыйба алмашууга келишти.

Алгачкы Кочкор айылынын айыл башчысы Мирлан Исраилов, айылдын инфраструктурасы жөнүндө таныштыруу презентация менен баштады. Презентацияда Кочкор айылынын мамлекеттик мекемелердин түзүлүшүн жана аткарылылган жумуштары менен таныштырды.Презентациянын аягында суроолорго жооп берди. Негизинен көпчүлүк суроолор айыл чарба,маданият жана айыл өкмөттун ишмердүүлүгү,жарандык коом менен иш алып баруусу жөнүндө берилди.

Кочкор айылынын айыл башчысы Мирлан Исраилов суроолорго жооп берүү кези

Белек алуу учуру
Соңунда келген меймандарга, айыл өкмөт тарабынан чакан белектер тапшырылды.Кочкор айылынан коноктор Сон-Көл жайлоосуна сапар алышты.
Нурия Карымбаева