Сумбулада Лейлек районунун акими жана райондук бардык мекеме уюумдардын жетекчилери менен жолугушуу өттү. Жолугушууда жергиликтүү тургундар өздөрүнүн көйгөйлөрү туурасында райондук мекеме уюумунун жетекчилерине түз байланышып, көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча суроо жооптор уюштурулду.
Жолугушуу 2019-жылдын 7-февралда уюуштурулуп, жолугушууга райондук мамлекеттик администратциясынын башчысы аким Баймурат Бекмуратов, райондун прокрору Б. Токтосунов, Райондук ИИБ нын башчысы Б. Кундузов жана башка мекеме уюумдардын башчылары катышты.
Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы Анаркул Атамкулов төмөнкүлөрдү билдирди:
“Бул жолугушуу биздин районубузда жыл сайын ар-бир айыл Өкмөтүндө жылдын башында графикдин негизинде өткөрүлөт. Бул элдик жыйында аймагыбыздагы көйгөйлөрдү чечүүдө райондун мекеме уюмдары менен биргеликте тургундардан түшкөн арыз даттануулар боюнча атайын иш-чаралар түзүлүп, маселени чечүүдө жыл үстүндө иш жүргүзөбүз. Быйылкы жылкы жолугушууда айыл тургундар тарабынан Лейлек токой чарбасы менен жайыт маселесин сечүү, суугат суу, жарандардын кышкы мезгилинде электр энергиясынын кубаттуулугунун начардыгынан кошумча трансформаторлорду орнотуу боюнча сунуштар түштү. Жогорудагы сунуштар боюнча Лейлек токой чарбасы жана Лейлек электр тарматар ишканасы менен биргеликте иш алып барабыз”,-деп билдирди.

Даярдаган: Данияр Исакбаев