2019-жылдын 13-февралында Тогуз-Торо районундагы №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинде «Советтик жоокерлердин Ооган жергесинен чыгарылганына 30 жыл» деген темадагы чакан кече өткөрүлдү.

Концерт 9-класстын окуучулары тарабынан уюшулган. Бул тууралуу концерттин уюштуруучусу, тарых мугалими Зарина Чотурова билдирди. Концертке Тогуз-Торо районунан Ооган согушуна катышкан 3 ардагер чакырылган. Алар: Жумадил Мааткалыков, Марат Исмаилов жана Таалайбек Касиев. Булардын ичинен Жумадил Мааткалыков Сары-Булуң айыл аймагынан катышкан. Ал эми эки ардагер Тогуз-Торо районунун башка айылдарынан барышкан.

Кеченин жүрүшүндө мектеп окуучулары ооган согушу боюнча кенен маалымат беришип, театрлаштырылган оюндарды көрсөтүшүп, келген ардагерлерге жана окуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты.

Ооган согушуна Тогуз-Торо районунан жалпы 19 жоокер аттанган. Алардын үчөө согуштан курман болуп, калган 16 жоокер мекенине кайтып келген.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова