Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев баштаган райондогу мекеме жетекчилери, Сары-Булуң айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Толугураак, төмөнкү видеодон көрүңүз:
Алгач, Сары-Булуң айыл өкмөт башчысы Марлис Олжотоев жергиликтүү тургундарга жыл ичинде аткарган иштер тууралуу маалымат берди.
Кара-Суу айылынын эли жер тилкесин алууга кезекке туруу, ички жолдорду асфальттоо боюнча маселелери айтылды.
Табылгыты айылынын тургундары, май куйуучу жай куруу боюнча көйгөйлөрүн айтышты.
Аким эл менен болгон жолугушуусунда жарандардын суроолоруна жооп берип, айтылган көйгөйлөр келерки жылдын бюджетинен чечиле турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, графиктин негизинде акимдин эл менен жолугуушусу баардык айыл аймактарында өткөрүүдө.
Анара Мааметова