«Үй бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу» боюнча 16 күндүк акциянын алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Долон айылында алдын алуу иш-чаралары болуп өттү.
6-декабрь күнү Түп районунун Карасаев айыл өкмөтүндөгү Жергиликтүү комитет, Аялдарды коргоо борбору, БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалык, АКШ элчилигинин баңгизат каражаттарын жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана укук коргоо иш аракеттери боюнча кеңсесинин колдоосунда өспүрүм балдар менен кыздардын арасында футбол боюнча таймаш, ошондой эле дилбаян жана эссе боюнча сынактар өткөрүлдү.
7- декабрда Долон айылындагы мектепте «Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу» боюнча 16 күндүк акциянын алкагында 4 үй-бүлө, мектеп окуучулары жана мугалимдер катышкан иш- чара болуп өттү.
Мектеп окуучулары «Мектептеги рэкетчилик» жөнүндө сценка коюшту. Кийин ата- энелер, балдары менен эки топко бөлүнүп «Эки баланын келечеги кандай болот?» деген суроого жооп издешти. 2 баланын атасы Руслан Шооруков уулу 9- класстын окуучусу Акылбек Карыбаев, 3 баланын энеси Назира Муканова уулу Бакай Капарбеков, 6 баланын энеси Гүлбарчын Жумагулова уулу Адил Тентиева, 4 баланын энеси Талчын Амандыкова уулу Илхан Айылчиев рэкетчиликтин зыяндуулугун, акыры барып кылмыштуулукка алып бараарын тиешелүү далилдер менен айтып беришти.
Бир топ «Бактылуу үй — бүлө» жөнүндө, экинчи топ «Зомбулукка кабылган үй — бүлө» жөнүндө чачылган сүрөттөрдү чогултуп, аларга байланыштуу окуяларга токтолушту. Балалык кездеги эсте калган окуяларга көз жүгүртүп, балалыктын алтын мезгилин сүрөткө тарткан жүрөк аркылуу түшүндүрүп беришти.
«Кыздарга кырк үйдөн колдоо», «Аталардын аброюн көтөрөлү», «Рэкетчиликке жол жок» жана ушул сыяктуу чакырыктарды колдонгон резолюция кабыл алышып, активдүү катышкан үй бүлө мүчөлөрүнө баалуу белектер тапшырылды.
Муратбек Жумакадыров