Чүй облусунун Сокулук районунун Новое айылындагы Гульсина Капарова атындагы орто мектебинде Аалам алпы — Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Акыл ордо интеллектуалдык таймашы болуп өттү.Катышуучулар
Акыл ордо интеллектуалдык таймашы Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучулары жана мектептин кыргыз тили жана адабият мугалими Бермет Кенжебаева уюштурушкан. Акыл ордо интеллектуалдык таймаштын максаты — Аалам алпы – Чыңгыз Айтматов жөнүндө терең маалымат берүү, Чыңгыз Айтматовдун элесин, баскан изин, алтын тамгалар менен жазылган чыгармаларын даңазалоо.
Таймашка 9-10-класстын окуучулары катышты. Акыл ордо таймашынын суроолору 6 категориядан түзүлгөн. Суроолордогу ар бир категория өзүнүн өзгөчөлүгү, тактыгы жана кызыктуулугу менен айырмаланды. Таймашка окуучулар кызыгуу менен активдүү катышышып, таймаш кызыктуу өттү. Таймашка катышкан окуучулар диплом, грамоталар менен сыйланышты. Жыйынтыгында 1-орунду ээлеген 9-класстын окуучулары I даражадагы диплом менен, 2-орунду ээлеген 10-класстын окуучулары II даражадагы диплом менен сыйланышты.Акыл ордо таймашынын катышуучулары
Таймашка активдүү катышып, жалпы суроолорго так, туура жооп берген 9-класстын окуучусу Жаңыл Эсенжанова ардак грамота менен сыйланды.
«Бүгүнкү таймаш мага абдан жакты.Таймашта өзүбүздүн буга чейинки алган билимдерибизди сынап, эстен чыккан учурларды эсибизге салдык, жоопкерчиликтүү болууга үйрөндүк», — деди 9-класстын окуучусу Диана Амангельдиева.
«Акыл ордо таймашы бүгүн эң кызыктуу болду. Өзгөчө ар бир категориянын суроолору кызыктуу болуп бизден изденүүнү талап кылды. Биздин кыргыз тил жана адабият мугалимибиз Бермет Кенжебаевага жана 11-класстын окуучуларына терең ыраазычылык билдиребиз», — деп билдирди 10-класстын окуучусу Чыңгыз Эргешов.
Айдай Джолчубекова, Азима Нуридинова