«Ас Салам» фонду тарабынан Суусамыр элине жардам катары 9 камаз көмүр түшүрүлүп, аз камсыз үй- бүлөлөргө таратылып берилгендиги белгилүү болду.
Бул тууралуу Суусамыр өрөөнүнүн имамы Мирбек Казаков билдирди:
«Өзүңөр билгендей Суусамыр жергесинде кыш мезгили катаал болгондуктан көмүр маселеси бар. Суусамырга 2010- жылдан тартып араб бир туугандардан, «Ас-Сафа», «Ас Салам» кайрымдуулук фонддорунун жардамы менен 250-450 тоннага чейин көмүр алынып келинет. Быйыл дагы «Ас Салам» фонду тарабынан 9 камаз көмүр түшүрүлдү. Суусамырда 216дан ашык жетим-жесирлер, аз камсыз үй- бүлөлөр бар. Бардыгына биз көмүрдү жетишинче бергенге аракет кылдык. Ал эми жетпей калган элдерге дагы көмүр алынып келинет.
Кайрымдуулук иштерге тартылуубуз начар…
Кайрымдуулук иштерди Суусамыр өрөөнүндөгү колунан келген адамдар деле кылса болот. Бирок, кайрымдуулук иштерге тартылуубуз начар. Өзүңөр билгендей азыркы учурда Ысык-Көлдө, көк бөрү оюну өтүп жатат. Бул оюнга дагы демөөрчүлөр керек экен. Мына ушундай иштерге көңүл бөлүп коюуга чакырат элем»-, деп кошумчалады айыл имамы.
Суусамыр элинин кышка даярдыгы кандай? Бул тууралуу макаланы окуңуз.
Айдана Токтобекова