Сокулук районунундагы Белек айылынын Аманкул Куттубаев атындагы орто мектебинде «Аманат — Өмүр» коомдук фонду тарабынан «Билим куржуну» аттуу иш-чара болуп өттү.
Семинардан кийинки сүрөт
«Биздин максатыбыз биомаданий артүрдүүлүктү сактоо, салттуу билимди жаш муундарга өткөрүп берүү. Окуучуларды өз аймагын таанып билүү, жаратылышты коргоо, табиятка таттуу мамиледе болуу жана өз айылынын тарыхын унутпоого чакырам», — деп билдирди долбоордун координатору Азиза Сакенова.
Этноботаникалык бакча тигүү учуру
“Мен мектепте 21 жылдан бери эмгектенем, өзүмдүн кружогум бар. Бүгүнкү иш-чара мага абдан жакты, балдар көп нерсени үйрөнүштү, кызыктуу болду, биздин айылдагы окуучуларга чоң жанылык болду”,- деп билдирди биология мугалими Рыскүл Белекова.
Семинардын жүрүшү
“Мага флористика абдан жакты, биздин мектепте көп кружоктор бар, бирок ушундай кружок бар болгондо катышмакмын”, – деп өз оюн билдирди 6-класстын окуучусу Асема Аданбаева.
Асема Аданбаева
Долбоор «Туруктуу Өнүгүү Стратегия Институту» (ИСУР) коомдук фонду тарабынан каржыланган .
Айсулуу Нурматова