Базар-Коргон районунда былтыркы жылы көмүрдүн баасы бир мүшөгү 120-150 сом болсо, 2021-жылы октябрь айына баасы көтөрүлүп, мүшөгү 200-220 сомго жетти. Жергиликтүү тургундар көмүрдүн баасы кескин түрдө жогорулагандыктан тонналап ала албай жатканын билдиришти.
Каба айылынын тургуну Анаркан Орозматова: «Быйыл көмүрдүн баасы жылдын башында эле мүшөгү 180 сом болсо, азыр бир мүшөгү 220-250 сомго чейин болууда. 16% кымбаттаганын интернет булактарынан окудум. Отун болсо бир машинасы 15 миңден 20 миң сомго чейин болуп жатат. Отундарды даярдап алдык. Көмүрдү эми алам».
Гүлнур Азимова Кыргоо айылынын тургуну: «Кышка даярбыз. Анткени бизге кыш эрте түшөт. Ошондуктан эрте эле отун, көмүр алып коебуз. Токой чарбадан атайын кагаз жаздырып, токойдон отун алып келебиз. Ал да болсо чыгашалары менен 10 миң сом тегерегинде болот. Көмүр болсо быйыл кымбат. Азыраактан алдык. Кышы менен көмүр сатып келгендер көп болот, түгөнсө алып турабыз. Жылда тонналап алчубуз. Быйыл кымбат болгондуктан мүшөктөп алууга мажбурбуз».
Базар-Коргон районуна караштуу Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Исаков өкмөттө жайгашкан жети мектеп, бир бала бакча кышка даяр экенин билдирди.
Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Исаков: «Талды-Булак айыл өкмөтүндө жалпы жети мектеп, бир бала бакча бар. Барына алдын ала түзүлгөн келишимдин негизинде 748 миң сомдук көмүр алынган. Мындан сырткары отун да алынды. Талды-Булак айыл өкмөтү толугу менен кышка даяр».
Талды-Булак айыл өкмөтүнүн эсепчиси Бурулча Кумашеванын маалыматында өкмөт толугу менен кышка даярданып бүттү. Келишим менен буйрутма берилген көмүрлөр кампаларга келип түшүп, мектептин чондугуна, окуучунун санына карап бөлүштүрүлөт.
Талды-Булак айыл өкмөтүнүн эсепчиси Бурулча Кумашева: «Өкмөттө жайгашкан №16 «Ак-Тилек» балдар бакчасына 71580 сомдук көмүр алынды. Ал эми айыл өкмөттүн өзүнүн жеке имаратын ысытуу үчүн 35790 сомдук көмүр алынган».
Гулназ Камбарали кызы, Айчүрөк Уланбек кызы