Тогуз-Торо районуна караштуу Атай айыл өкмөтүндө мал-жандыктар үчүн купка куруу иши башталды. Купканын курулушу айыл өкмөт тарабынан колдоого алынып, айылдык кеңештин депутаты Жылдызбек Доктурбек уулунун демөөрчүлүгү менен курулуш иштери жүргүзүлдү. Аталган жай ишке берилсе, жергиликтүү тургундар коңшу айылдарга барбай, бул жерден мал-жандыгын жуунтушат жана мал ылаңдарын алдын алышат дейт демилгечилер.

Купка куруу иштеринин көрүнүшү
Мал-жандыктар чалдыгып калчу бир катар ылаңдар бар. Аларга бир гана ийне саюу өз натыйжасын бербейт. Ошондон улам, мал-жандыгын дарылоо үчүн купка куруу иши зарыл болуп келген. Анткени, буга чейин Атай айыл аймагында бир дагы купка болгон эмес дейт Атай айылдык кеңештин депутаты Жылдызбек Доктурбек уулу.

Сүрөттө: Ондон солго Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиянын төрайымы Света Моңолова, Атай айылдык кеңештин депутаты Жылдызбек Доктурбек уулу
«Башка коңшу турган Арал аймагына барып, кезекке туруп, койлорду жуунтуп келчибиз. Ал эми бул купканы куруу үчүн жер айыл өкмөт тарабынан чечилип, долбоордун алкагында айыл тургундары жумушка тартылды. Курулушка кеткен материалын өз каражатыман көтөрдүм. Буюрса жакынкы күндөрү айыл тургундарына пайдаланууга берилет. Жергиликтүү тургундар, фермерлер, коңшу айылдарга барбай, жакын жерден малдарын жуунтушат. Малды сатып, киреше таап, өз жашоо шарттарын жакшыртып алууга шарт түзүлөт» -дейт Жылдызбек Доктурбек уулу.
Атай жана Карл Маркс айылдарында 2365 калк жашайт. Айыл элинин басымдуу бөлүгү мал чарбачылык жана жер иштетүү менен алек. Туруктуу жумуш орундарынын жетишсиздигинен улам айыл эли мал багып, жер иштетүү менен эмгектенишет. Мал ылаңдарын алдын алуу негизги маселелердин бири болуп келген. Бул маселени чечүү максатында айылдагы жумушсуз жарандарды ишке тартуу менен купка куруу иштери жүрүп жатат. Бул туралуу Атай айыл аймагынын инвестиция тартуу боюнча башкы адиси Анаркүл Замирбек кызы маалымат берди.

Купка куруу иштерине айыл тургундары ишке тартылып жатат
“Тогуз-Торо райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, Атай айыл аймагы менен биргеликте купка куруу иштерине, аз камсыз үй-бүлөлөр жумушка тартылды. Аталган долбоордун көмөгү менен иштеген айыл тургундардын эмгек акысы азык-түлүк түрүндө төлөнүп берилет. Долбоордун алкагында Атай айылдык кеңештин депутаты Жылдызбек Доктурбек уулунун өзүнүн үй-бүлөлүк жеке бюджетинин эсебинен купка курулушуна кеткен керектелүүчү материалдарды камсыздап берди”.

Эскерте кетсек, салынган купка айыл өкмөтүнүн карамагында болот. Жыл сайын сапатына көнүл бурулуп, ремонттон өткөрүлүп турат. Түшкөн каражаттын 10% айыл өкмөтүнө которуу аркылуу төгүп турат.
Анара Мааметова