Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Фрунзе айыл өкмөтүндө алгачкы жолу жаш балдар спорт мектеби ачылды. 4 ай мурун ишке кирген спорттук аянтчада учурда 120 бала эркин күрөш, 30 бала бокс менен машыгууда. Бул аралыкта алдыңкы окуучулар мелдештерде байгелүү орундарды камсыздоого жетишкен.

Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Фрунзе айыл өкмөтүндө алгачкы жолу жаш балдар спорт мектеби ачылды
Аталган айыл өкмөттө буга чейин бир дагы спорт мектеби болгон эмес. 5 мектептин экөөсүндө гана спорт залдары болуп, окуучулар дене-тарбия сабагында гана машыга алышкан.

Спорт мектебинин салтанаттуу ачылышы болду
Спорт мектеби 4 ай мурун ишке кирип, учурда 120 бала эркин күрөш, 30 бала бокс менен машыгууда. Бул аралыкта спортко шыгы бар балдар тандалып, алдыңкылары мелдештерде байгелүү орундарды камсыздоого жетишкен. Алар Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы эл аралык турнирге жана Чүй облусунун Жайыл районундагы классификациялык турнирге катышып, 3 бала алдыңкы 3 орунду камсыз кылган.

Спорт мектебиндеги балдар машыгуу учурунда
Мелдештерге байгелүү орундарды камсыз кылган Элдос Намазбеков жана Риваят Абдулазисов спортко болгон кызыгуусу тууралуу төмөндөгүчө ой бөлүштү.

Спорт мектебинин окуучусу Элдос Намазбеков
Элдос Намазбеков: “Эркин күрөш менен машыгып жатканыма 4 айга жетпеген убакыт болду. Өзүм 15 жаштамын. Мурда деле эркин күрөшкө кызыкчумун. Бирок, биздин айылда спорт мектеби жок болчу. Жайыл районунда болуп өткөн турнирде 2-орунду камсыз кылдым. Алдыда, чемпион болом деген максатым бар”.

Спорт мектебинин окуучусу Риваят Абдулазисов
Риваят Абдулазисов: Машыкканыма 4 ай болду. 12 жаштамын. Машыгуудан кийин жеңилдеп калам. Жайыл районудагы мелдеште 2-орун үчүн күрөшүп, атаандашымдан утулуп, 3-орунду алып калдым. Буюрса, алдыда дагы тынбай машыгып, алтын байгелерди камсыз кылам”.

Спорттук шаймандар
Спорт мектептин ичинде даараткана, жуунучу жана кийинүүчү бөлмөлөр орун алган. Ошондой эле спортко керектүү жабдыктар жана шаймандар орнотулган.

Панфилов районунун жаш балдар спорт мектебинин мүдүрү Талант Салмоорбеков
“Мындай деңгээлдеги чоң спорт зал биздин райондо алгачкы жолу ачылып жатат. Буга чейин балдар мектептин спорт залында машыгып келишкен. Алар күндө машыгуу алдында спорт килемин салып, кайра бүткөн соң жыйнап убара тартышчу. Бул зал ачылганы балдардын спортко болгон кызыгуусу дагы да артты. Буюрса, алдыда биз дагы өзүбүзгө чоң максаттарды коюп жатабыз. Ушул залдан дүйнө чемпиондору чыкса деген тилек”,- дейт Панфилов районунун жаш балдар спорт мектебинин мүдүрү Талант Салмоорбеков.
АРИСтин «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун негизинде Фрунзе айыл өкмөтүндө эки долбоор жүзөгө ашкан. Алардын бири аталган спорт зал дейт Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Эрназар Нурмухаммедов. Спорт залы 14 миллиондон ашык сомго курулган.

Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Эрназар Нурмухаммедов
“Айыл өкмөттө спортко кызыккан айрым жаштар алыс жол жүрүп, башка айылдарга же Кара-Балтага барып машыгууга туура келчү. АРИС сынак жарыяланганда социалдык долбоорлорду колдой тургандыгын билдирген. Жергиликтүү элден демилгелүү топ түзүлүп, айыл өкмөткө керектүү көйгөйлөр эл менен бирге көтөрүлүп чыкты. Биздин демилгелүү топ элден сурамжылоо жүргүзүп, айыл өкмөткө эң зарыл нерсе деп оорукана менен спорттук залды айтышкан”.
Спорт залдын ачылышы менен жергиликтүү тургундарга дагы бир катар жумуш орундары түзүлөт дейт айыл өкмөт башчысы.
Сүрөт: Пандемияда айылдык спортчулар мыкты мелдештерди уюштуруп турушту
Спорт менен аралыктан машыктыруу натыйжа бере алган жок
Касиет Кубанычбек кызы