АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Китеп Которуу Программасынын колдоосу менен «Балдар үчүн JavaScript» китебин кыргыз тилине которуп, жарыкка чыккан. Китептин автору программист Жереми Мориц, ал эми анын жубайы Кристин Мориц китепти иллюстрациялар менен кооздогон. Китеп 13-17 жаштагы өспүрүмдөргө арналган жана аларга JavaScript программалоо тилинин негиздерин оңой үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетчү нерсе, китептер акысыз таратылат. Ал эми китеп алууну каалагандар өтүнмө бериш керек. Алар:
— Информатика мугалимдери
— STEM билим берүүнү колдогон уюмдар
— Алыскы аймактардагы билим берүүнү жакшыртууга багытталган долбоорлор
— Билим берүүгө кызыкдар бардык тараптар
Өтүнмө тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2024-жылдын 25-ноябры
Форманы толтуруңуздар: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSd92HKROYi2Mvcf6fzcicOFLCbgoGxjU7dHKPIJLrSEIzK1lA/viewform?usp=sf_link
Китеп тууралуу кенен маалымат алууну кааласаңыз төмөнкү маекти сунуштайбыз.
Айгерим Кубатбекова