Учурда Кыргызстандагы ишкерлердин 35% аялдар түзөт. Заман талабынан калышпай ишкердиктин ар тармагында ийгиликтүү иштеп жатышкан айымдар арбын. Ал эми Ак-Талаа районунда 60тан ашык ишкер айымдар өз ишмердүүлүгүн соода-сатык, кол өнөрчүлүк, өндүрүү, тигүүчүлүк ж.б. жүргүзүп келишет. Жер-жерлерде айымдардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, социалдык-экономикалык абалын, турмуш-шартын жакшыртууда социалдык келишим дагы маанилүү роль ойноду.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акимдин орун басары Каныбек Эсеналиевдин айтымында дал ушул социалдык келишимдер айымдардын ишкерликке келишине шарт түздү.
“Анткени жөлөк пулдун ордуна мамлекет тарабынан берилген 100миң сом каражатка айымдар өз долбоорлоруна жараша ишкердүүлүгүн баштап алышты. Көпчүлүгү ийгиликтүү иштеп жатышат. Дагы 200 миң сом өлчөмүндө каражат берүү жагы каралууда. Бул боюнча банктар менен дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө айымдардын ишкерлиги абдан маанилүү роль ойнойт” деди.
Эскерте кетсек, жыл сайын 19-ноябрь айымдардын ишкердүүлүк күнү катары дүйнөнүн 114 өлкөсүндө 2014-жылдан бери бизнестеги аялдардын абалына көңүл буруу, ишкер аялдардын укуктарын колдоо жана кеңейтүү жана аялдардын ишкердигин жайылтуу максатында белгиленип келет. Бул майрам алгач Нью-Йорк шаарында өткөрүлүп, БУУ тарабынан колдоого алынган.
Барчын Мамытбекова