Лейлек районуна караштуу Манас атындагы орто мектебинде 10-апрель күнү мугалимдер жана дарыгерлер арасында “Спорт — ден-соолуктун булагы” аталышындагы волейбол мелдеши өткөрүлдү. Бул мелдеште мугалимдер дарыгерлерден алдыга озуп чыгып, ийгилике жетишти.
Бул тууралуу Манас мектебинин мугалими Алия Кудайбердиеванын оюн угуп көрдүк.
”Биз бул мелдешти мурдагы жылы да өткөргөнбүз, тилекке каршы ал учурда биз утулуп калган элек. Баары бир биз бүгүнкү оюнда каршылаштарыбыздан алдыга озуп чыгып чоң ийгиликке жетиштик», — деди ал.

«Бул оюн дем, күч берди десем жаңылышпаймын. Жакында биздин мектепте дагы бир райондук тур боюнча волейбол мелдеши өткөрүлөт, ал мелдешке биз катышабыз”, — деп сөзүн жыйынтыктады Кудайбердиева.

Оюндун күйөрманы Кымызай Бахапова оюнду көрүп рахат алганын айтат.
“Мугалимдер менен врачтардын оюну өтө жогорку деңгээлде өттү. Бул мелдеште мугалимдер врачтардан алдыга озуп чыгып, өздөрүнүн шамдагайлыгын элге көрсөтө алды. Мугалимдерге мындан аркы өтүлүүчү оюундарда чоң ийгиликтерди каалаймын”, -деп белгилеп өттү Бахапова.
Даярдаган: Данияр Бахридин уулу
Сынак үчүн