Терек-Суу айылында эркин күрөш боюнча машыктыруучу жай бар. Эркин күрөш менен машыккан жаш спортчулар көптөгөн ийгиликтерди багынтып, алды дүйнөлүк жана республикалык деңгээлде күрөшкө катышып жаткан кези.

Эркин күрөш боюнча машыктыруучу Акберди Мамыткулов ачылганына аз убакыт болгон болсо, бул убакыт аралыгында окуучулары жыйынтык көргөзүп жатканын айтат.
“Тренерлик кесипти аркалап жүргөнүмө 5-6 жылдын жүзү болду. Машыгуучу 100дөй бала бар. Алардын арасынан ийгилик жараткандары бар, 4 жылдын ичинде жыйынтык көргөзүп, Нурахмед деген балабыз былтыр июндун ичинде Боснияга барып, дүйнөлүк чемпиондукту алып берди. 17 жылдан бери Кыргызстан ала элек сыйлыкты алып берди, дүйнө жүзүнө таанытты. Андан башка дагы Тайыр деген балабыз бар, азыр Бишкекте окуп жатат. 24-25 жолку чемпион жалпы эсеби менен. Терек-Суу айылында Нургазиев Айдарбек деген бар 14-15 жолку чемпион. Бакдөөлөт деген балабыз бар, ал дагы 7-8 жолку чемпион. Андан сырткары дагы чемпион балдарым бар, 10-15 тей, жыйынтыктар жакшы эле. Биздин машыгуучу жай боюнча айта кетсем, азырынча мектептин бир чоң кабинетинде убактылуу машыгуубуз өтүп жатат, 2 жылдан бери. Ага чейин башка жерде болчу. Өзүнчө салынган залыбыз жок убактылуу”, — деп айтып берди Терек-Суунун машыктыруучусу Мамыткулов.

Келечекте өзүн спорттон көргүсү келген жаш чемпион Айдарбек Нургазиев эркин күрөш менен беш жылдан бери машыгып жатканын айтат. Спортко кичинекейинен бери кызыгам дейт ал.

«Ата-энем түрткү болду жана өзүмдүн каалоом менен келдим. Ата-энем жана жакындарым жакшы колдоо көрсөтүшөт. Көп мелдештерге жөнөтүшөт жана каражат бөлүп беришет. Буга чейин абдан жакшы ийгиликтерди жараттым, 5 жылдан бери 17 медаль, 2 кубок алдым жана көптөгөн ийгиликтерге жеттим. Машыктырган тренерим Акберди агай, 5 жылдан бери агайдын колунда машыгам. Келечекти спорттон көрөм жана дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратам деген оюм бар”, — дейт жаш спортчу Айдарбек.

Белгилей кетсек, Терек-Суу айылынан чыккан жаш спортчу Нурахмед Кудабаев 2015-жылдын июнь айында Босния и Герцоговина мамлекетинин Сараево шаарында болуп өткөн мелдеште 3-орунду алып, республикабызда 17 жылдан бери кайталана элек рекордду жаңылап, чемпион аталган.



Жаш спотчулардын машыгуучу жайы.
Айрым сүрөттөр спортчулардын өздүк архивинен алынды.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн