Ноокат районун Көтөрмө айылында «Элболсун» деген аталышта жаңы ашкана ачылды. Жетекчиси Тынчтыкбек Рахимбердиевдин айтымында, азырынча кардарлардан эч кандай арыз доомат түшө элек.

Бул ашкананын шарттары бар дегенге болот. Негизгиси таза жана тыкан. Ичинде бир кызматчысы бар. Тамактардан болсо манты, пельмен, самса. Тамак-аш өз баасына жараша сапаттуу жана даамдуу.

Көтөрмө айылынын тургуну Карамат Орозованын бул ашканадан дайым тамактанаарын айтат. «Тамактары жакшы, сапаттуу жана шарттары жакшы ыңгайлуу. Стол, стулдары да жаңы, дайым таза турат», — дейт Орозова.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн
АК