Ноокат районунун Көтөрмө айылына Эшболот Абдыраимов атындагы №54 кесиптик лицейи ачылды. Окуу корпусунун тиби жакшы ылайыкташтырылган, бир кабаттуу жана 80 орундуу.

Лицейдин директору Абибилла Мендибаев. Айтымында бул окуу жай 1982-жылы Каравандагы окуу жайынын филиалы болгон, андан кийин өзүнчө окуу жай болуп бөлүнүп ачылган. «Бул лицей окуучуларга чоң пайдасын жана оң таасирин тийгизет деген терең ишеничтемин», — дейт Мендибаев.

Окуу жайда 54 кызматкер иштейт. Инженердик педагокикалык жамаат 30, анын ичинен атайын предметтер мугалими 8. Ал эми устаттар 12, жалпы орто билим берүү мугалимдери 10 жана кенже тейлөөчү кызматкерлер 10.

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Ибадилла Арналиев кесиптик лицей учурда фермердикке, оңдоочуулукка, тигүүчүүлүккө окутаарын айтты. «Бул окуу жайда дипломго жана орто билими тууралуу аттестатка ээ болушат», — деп билдирди ал.

Кесиптик лицейде бюджеттик негизинде окугандардын саны 28, ал эми контракттын негизинде болсо 60.
«Электр ширетүүчү» жана «С» категориясындагы автоунаа айдоочу тайпасы бар. Окуу мөөнөтү 10 ай. «Тигүүчү-бычмачы» тайпасынын окуу мөөнөтү 3 жыл болсо, «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты» окуу мөөнөтү 3 жыл.
Окуу жайдын студенттери шарттарына жана берген билимине канааттана турганын айтышат. 1-курсунун студенти Умар Руслан уулу «бул жерде тамак-аш, жатакана баары жакшы. Баары убагында берилет, мага абдан жакты бул окуу жай», — дейт Умар.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн
АК